БШК «Кыргызстан» партиясынын документтерин кабыл алды

Боршайком 2-сентябрда «Кыргызстан» партиясынын документтерин кабыл алып, аны парламенттик шайлоого катышуу үчүн каттады. Бул жолу партия өкүлдөрү документтерди 17:20да алып келип, кечикпей тапшырышты. Мындан тышкары, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоонун акыркы мөөнөтү 3-сентябрда саат 18:00дө аяктайт.

Буга чейин бир күн мурда Жогорку сот Бишкектин Административдин райсотунун чечимин күчүндө калтырып, боршайкомдун «Кыргызстан» партиясынын документтерин кайтарып берип, аны парламенттик шайлоого киргизбей койгонун мыйзамсыз деп тааныган.

Эмне үчүн БШК «Кыргызстанды» шайлоодон четтеткен?

Нааразылык бир катар партиялар жана активисттер «Кыргызстан» партиясын каттоо мыйзамсыз өткөн деген билдирүүлөрүнөн кийин башталган. Алардын айтымында, БШК партия документтерин кечигип тапшырганына карабастан аларды кабыл алып койгон.

Боршайком жыйын өткөрүп, партияны шайлоодон четтетүүнү чечкен. Бирок ага документтерди кечигип тапшыруу эмес, аларды «башка адам» тапшырганы себеп болгон.

Мындан кийин «Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү БШКнын чечимин мыйзамсыз деп таануу өтүнүчү менен административдик сотко кайрылып, боршайкомду партияны парламенттик шайлоого катыштыруу үчүн каттоого алууга милдеттендирүүнү талап кылган. Ал эми сот партиянын арызын канааттандырып берген.

Андан кийин БШК кассациялык даттануу менен Жогорку сотко кайрылган. Бирок ал административдик соттун чечимин күчүндө калтырган.