Кыргыз-өзбек чек ара бекеттериндеги чектөөлөр алынды

Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

2-сентябрдан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы өткөрмө пунктардагы чектөөлөр алынды. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, эки мамлекеттин чек араларынан өтүүдө жарандар санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоого тийиш.

Аталган талаптарга ылайык, акыркы 72 сааттын ичинде алынган анализде коронавирус аныкталбаган жарандар эки өлкөдө тең карантиндик көзөмөлгө алынбайт. Ал үчүн жарандар COVID-19дун терс жыйынтыгын көрсөткөн ПЧР-тест тууралуу маалымкатты көрсөтүүсү керек.

Ошондой эле, чек арадан өткөн жарандар өткөрмө пунктарынан дене табын өлчөтүп жана анкета толтуруу менен жүргүзүлгөн сурамжылоодон өтүшөт.

«Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдарды өткөрүү “Достук”, “Кызыл-Кыя”, “Кадамжай”, “Маданият” жана “Баймак” пункттарында жүргүзүлөт. Ал эми транспорт каражаттары чек араны “Кадамжай”, “Достук”, жана “Кызыл-Кыя” көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу кесип өтө алышат», — деп жазылат билдирүүдө.

Республикалык штаб 1-сентябрдан тарта Өзбекстан COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал турукташа баштаган чет мамлекеттердин тизмесине 32чи болуп киргизилгенин маалымдаган.