Текебаевдин адвокаты «Мекеним Кыргызстандын» ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Боршайкомдон «Мекеним Кыргызстан» партиясынын жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп адвокат Таалайкүл Токтакунова дайындалганын маалымдашты. Мурда ал сотто ата-мекенчи оппозиционерлер Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду, социал-демократ Кылычбек Султанды жана «Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Курсан Асановду коргогон.

«Мекеним Кыргызстан» партиясын саясий жактан таасирдүү Матраимовдордун кланы менен байланыштырышат. Партияга депутат Искендер Матраимов да кирет.

Партияда, Токтакуновадан сырткары, Текебаевди коргогон дагы бир адвокат Канатбек Азиз да бар. Алмазбек Атамбаевдин президенттигинин тушунда Токтакунова менен Азиз аларда презиенттин жана Дача-СУ кыштагына кулаган учактын ортосундагы байланышты далилдеген фактылар бар экени тууралуу билдиришкен. Ал учурда Текебаевдин юристтери коркутуу жана куугунтук болуп атканына арызданышкан, ошондой эле сот аркылуу алар Атамбаевге 10 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирилишкен. Кийин чечим жокко чыккан.

Матраимовдордун үй-бүлөсү бажыдагы коррупция жана аткезчилик тууралуу иликтөөнүн авторлору, тагыраагы иликтөөчү журналисттерди сотко бергенден кийин Канатбек Азиз бул үй-бүлөнүн кызыкчылыктарын коргой баштаган. Ал эми 2020-жылдын августунда ал «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесиндеги алдыңкы 20 талапкердин катарына кирген.