Бишкектин администратидик соту «Бүтүн Кыргызстандын» арызын 9-сентябрда кайра карамай болду. Мындай чечимди сот жыйынында судья Анар Эгембердиева кабыл алды.

Анда кошумча күбө катары Боршайкомдун айрым мүчөлөрү - Атыр Абдрахматованы, Кайрат Осмоналиевди, Акылбек Эшимовду жана БШКнын аппаратынын айрым кызматкерлерин чакыруу сунушун судья канааттандырды.

Жыйындын кийин журналисттердин суроосуна жооп берген партия лидери Адахан Мадумаров иш «жүйөсүз сепбептерден улам» кийинкиге калтырылганын айтты.

«Сотто эч кандай чечим кабыл алынган жок, бирок жүйөсүз себептер менен бирсүгүнкүгө калтырылды. Бул жерде бардык маселелер каралып бүттү. Биз тездетүүнү сурандык. Себеби, үгүт иштери жүрүп жатканда ар бир мүнөт керектүү. Күлүктүрдүн бутун байлап коюп, эки күндөн кийин коё беребиз дегендей болуп жатат», - деди ал.

Соттун жүрүшүндө БШКнын өкүлү добуш берүү учурунда купуялуулук сакталбаганын айтты. Себеби делегаттар ачык эле түрдө бюллетендерди толтурушып, ичи көрүнгөн тунук урналарга салынганын белгиледи. Бул өз кезегинде мыйзамды одоно бузуу болуп саналарын айтты. Аны менен катар талапкерлердин тизмесин аныктоодо дагы эреже бузулганына токтолду. Себеби партия съездде кабыл алынган тизмени өзгөртүп туруп БШКга тапшырган.

Бирок партиянын жактоочусу добуш берүүдө эч кандай мыйзам бузулбаганын айтып, тунук урналар керек болсо Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти шайлоодо дагы колдонулуп келерин белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө БШКнын өкүлү партиянын съездине катышкан алардын өкүлдөрүнө добуш берүү учурунда эреже бузуулар болгонун жумушчу топко убагында маалымдабаганы үчүн дисциплинардык жаза берилгенин айтты.

Буга чейин партиянын съездине катышкан БШКнын өкүлдөрү анда эч кандай мыйзам бузуу болбогонун белгилешкен.

«Бүтүн Кыргызстандын» «бүдөмүк» иштери

3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлоого катышуу үчүн каттоодон баш тарткан. Алардын мындай чечим кабыл алышына аталган партия менен шайлоого аттанып, кийин тизмеден чыгарылган Турсунбай Бакир уулунун арызы себеп болгон. Ал партиянын съездинде кабыл алынган тизме кийин өзгөртүлүп, БШКга тапшырылганын билдирген.

Анткен менен Боршайком 2-сентябрда Бакир уулунун арызын карап, тизмеге байланышкан партиянын ички иштерине алар кийлигише албасын айтып, сотко кайрылууну сунуштаган.

Бирок БШК бир күндөн кийин өз чечимин таптакыр өзгөрткөн. Боршайкомдун жыйынында партиянын съездинде кабыл алынган тизме чындап өзгөртүлгөнү айтылып, андан сырткары добуш берүү купуялуулугу сакталган эмес деген дооматтарды келтирилди.

3-сентябрдагы жыйын учурунда БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова алгач «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоо боюнча чечимдин долбоору бардык мүчөлөрдүн электрондук почтасына жөнөтүлгөнүн айтты. Бирок бир сааттык тыныгуудан кийин ал чечим өзгөрүп кеткен. Мындан улам Абдрахматова Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованы ишеним көрсөтпөй турганын билдирди. Ошондой эле, «Бүтүн Кыргызстан» боюнча чыккан жаңы чечимдин документин көрсөтүүнү талап кылды. Бирок төрайым ал документти көрсөтө алган жок.

Партиянын лидери БШКнын чечимин «саясий чечим» деп атап, өз укуктарын мыйзам талаасында коргой турганын айткан.

Боршайкомдун чечимине кийин партиянын тарапташтары Бишкекте, Ошто жана Москва шаарында Кыргызстандын элчилигинин алдында акция уюштурушкан. Мадумаров өз тарапташтарын укуктарын коргоого чакырган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага «Бүтүн Кыргызстанды» кошпогондо 15 партия ат салышууда.