Өлкөдө коронавирус жуктурган бейтаптардын 90 пайызы сакайды

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 7-сентябрдагы брифингде 134 бейтап коронавирустан айыкканын кабарлады. Ушуну менен оорудан 39 960 бейтап оорудан айыкты — бул жалпы оорулуулардын дээрлик 90 пайызы.

Айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 93. Ошондой эле, илдеттен Жалал-Абад облусунда — 14, Ысык-Көл облусунда — бир, Чүй облусунда — эки, Ош шаарында — 14, Баткен жана Ош облустарында — бештен бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылды.

Ошондой эле коронавирус жуктуруп айыккан бейтаптардын арасында үч медицина кызматкери да бар. Жалпысынан өлкө боюнча 2579 медик илдеттен сакайды.

Кыргызстанда 7-сентябрга карата коронавирустун жаңы 55 учур катталды — жалпы 44 458 учур. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 601 адам жатат. Covid-19 жуктурган 1061 адам каза болду.