Ошто кызды ала качууга аракет жасаган киши кармалды, дагы экөө издөөдө

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаардык сотту 20 жаштагы кызды ала качууга аракеттенген топ балдардын биринин бөгөт чарасын карап, 14-сентябрга чейин камакта калтырды. Камакка алынган 29 жаштагы киши — кызга эркине каршы үйлөнүүнү көздөгөн. Кызды уурдоого катышкан калган эки киши дагы деле издөөдө.

2-сентябрга караган түнү, үч киши кызды эркине каршы никеге тургузуу үчүн урдоого аракет жасашкан. Кылмышкерлердин аракетин ошол аймакта жашаган милиция кызматкери Эрмек Арзиев токтотуп, окуя болгон жерге укук коргоо органдарын чакырган.

Ош ШИИБи бул окуяны «Адамды никеге тургузуу максатында уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алып, тергөө амалдарын баштаган. Тергөө учурунда шектүүлөр жабырлануучу кызды экинчи жолу ала качууга аракет жасаганы белгилүү болгон — биринчи учурда үйлөнмөкчү болгон кишинин ата-энеси кызды жеткирип коюуну талап кылган

Көп өтпөй бала кыздын WhatsApp мессенжерине бычакталган жана сабалган кыздардын сүрөттөрүн жөнөтүп, «мага тийбесең акыры сени ушунтип союп кетет окшойм» деп коркута баштаган. Мындан улам кыз жашаган дарегин, иштеген жерин жана телефонун алмаштырууга аргасыз болгон.

Ошондой эле, кыз милицияга арыз менен кайрылып, шектүүнүн ага жөнөткөн сүрөттөрдү жана каттарды да көрсөткөн. Бирок белгисиз себептерден ал арыз катталган эмес. Оштун милициясы бул факты боюнча кызматтык иликтөөнү баштады.

Статистикага ылайык, Кыргызстандагы ар бир 17-кыз эркине каршы ала качылган. Эки жыл мурун ала качууга кабылган Бурулай Турдалы кызы каза тапкан. Анын өлүмүнө мажбурлап никеге тургузууну каалаган Марс Бөдөшөв күнөөлүү деп табылган. Ал соттун чечими менен 20 жылга кесилген.

Ал эми Жазык кодексинде адамды мажбурлап никеге тургузгандарга 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?