Ош: Шайлоо участогу жайгашкан мектепте «Биримдиктин» баннери илинип турат

«Биримдик» партиясы Ош шаарындагы №21 Пушкин атындагы мектепке үгүттөөчү баннерин илген. Жеринен тартылган тасманы «Реформа» партиясынын мүчөсү Мирбек Маматкасымов 8-сентябрда фейсбукта жарыялады.

Posted by Mirbek Mamatkasym on Monday, September 7, 2020

Видеодон мектептин айланасында окуучулар ойноп жүргөнүн, ал эми анын дарбазасында №5247 шайлоо участогу деп жазылып, «Биримдик» партиясынын баннери илингенин көрүүгө болот.

Маматкасымов бул мыйзамга туура келбесин айтып, эгер тыюу салынбаса анда башка партиялар да баннерин илип койсо болобу деп суроо салган.

«Бул жерде шайлоо участогу жана “Биримдик” саясий партиясы жайгашыптыр. Бул штаб бекен же жөн эле жарнамасы илинип турабы, ал түшүнүксүз. Кайсы мыйзам уруксат берет буга? Менин билишимче мамлекеттик объекттерге партиялардын рекламаларын илүүгө тыюу салынса керек эле», — деген ал.

Ал эми мектеп директору Манзура Асланова «Клоопко» аталган партия баннерин мектеп дарбазасына илгенинен кабары жоктугун айтты.

«Мен чогулушта элем. Чыгып карайынчы, дарбазанын сыртында шайлоо участогу экени гана жазылып турган. Баннер болсо алып коёбуз», — деди ал.

Эмне үчүн бул туура эмес?

Үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобого ылайык, партияларга үгүт материалдарын шайлоо комиссияларынын орун жайларына, алардын кире бериш жерлерине жана добуш берүүчү жайларга жайгаштырууга тыюу салынат.

Ошондой эле, баннерлерди эстеликтерге, тарыхый, маданий жана архитектуралык баалуулугу бар имараттарга жабыштырууга болбойт.

Маселе боюнча «Биримдик» партиясынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиевге байланышканыбызда ал баннер Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында илингенин, учурда алынганын айтты.

«Пушкин мектебинде эмес, Төлөйкөн айылында илинген экен. Азыр алынды. Ким тарабынан илингени аныкталып жатат», — деп жооп берди ал.

Басма сөз катчы кайсыл баннерди айтканы белгисиз — кеп болуп жактан баннер Ош шаарындагы Пушкин мектебинде илинген, ошондой эле аталган мектеп жетекчиси баннер тартылган тасма дал ошол мектепте тартылганын тастыктады.

Кийинчерээк Султаналиев баннер алынган сүрөттү жиберди — ал да аты аталып жаткан мектепте тартылган. 

«Биримдик» коомчулукта бийликчил партия деп аталып, аны ага-ини Жээнбековдор менен байланыштырышат — президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек бул партия менен шайлоого аттанган. Ошондой эле, аталган партиянын катарында учурдагы бир нече депутаттар бар.