Оштогу шайлоо участогуна баннери илингени үчүн «Биримдикке» эскертме берилди

БШКнын үгүт иштери боюнча жумушчу тобу «Биримдик» партиясына №5247 шайлоо участогуна анын баннери илингени үчүн эскертме берилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Комиссиянын басма сөз катчысы Асел Сулайманованын айтымында, учурда баннер ким тарабынан илингенин партия тактап жатат.

«Үгүт иштери боюнча жумушчу топ партияга эскертүү эмес эскертме берип, баннерди алып салууга буйрук берди», — деди ал.

Буга чейин 8-сентябрда соцтармактарда Ош шаарындагы Пушкин мектебинин дарбазасында «Биримдик» партиясынын баннери илинип турган сүрөтү тараган — аталган мектеп Кара-Суу районунун аймагындагы №5247 шайлоо участогу экени маалым болгон.

Сүрөт, видеону жүктөгөн «Реформа» партиясынын талапкери Мирбек Маматкасымов мамлекеттик объектилерге баннер жайгаштыруу мүмкүн эмес экенин айткан. Ал эми анын постуна БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова бул мыйзам бузуу экенин айтып комментарий калтырган, Маматкасымовго комиссияга арыз жиберүүнү сунуштаган.

«Биринчиден бул эреже бузуу же провокация. Буга чейинки шайлоолордо да адашпасам БШК ушул сыяктуу маселени карап, эреже бузуу деп тапкан»,— деп жазган Абдрахматова.

Ошондой эле ал, БШКнын Кара-Суу районундагы атайын өкүлүнө мындай көрүнүш болбошу үчүн башка мамлекеттик объектилерди да текшерип чыгуусу үчүн маалымат жеткиргенин кошумчалаган.

Кийинчерээк баннер алынып, аталган партиянын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев баннерди ким илгени аныкталаарын убадалаган.

«Биримдик» коомчулукта бийликчил партия деп аталып келет. Президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек бул партия менен шайлоого аттанган. Ошондой эле, аталган партиянын катарында учурдагы бир нече депутаттар бар.