Араванда «Мекеним Кыргызстандын» баннери жыртылды. Милиция күнөөлүү кишини издеп жатат

Соцтармактарга жарыяланган зыянга учураган баннер.

Ош облустук милициясынан билдиришкендей, аймактарда саясий партиялардын үгүт иштерине байланышкан плакаттарды жана баннерлерди зыянга учураткан фактылар катталып жатат. Мындан улам ички иштер органдары тургундарды мыйзам бузбоого чакырат.

«Араван районунда эки учур катталган. Анын биринде плакат шамалга түшүп калган окшойт. Ал эми экинчи учурга күнөөлү адам изделип жатат. Анткени ал жерде видеорегистратор да жок болгондуктан айыпталуучунун табуу бир аз созулуп жатат», — деди Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.

Буга чейин «Мекеним Кыргызстан» партиясынын жыртылган баннери соцтармактарга жарыяланган. Кийинчерээк бул окуя Араван районунда орун алганы белгилүү болду.

Ошондой эле Аширбаев үгүт материалдарына зыян келтиргендер жасалган баннердин баасына карата жоопко тартылаарын кошумчалады. Эгер баннер он миң сомдон ашуун акчага жасалганы аныкталса, Жоруктар кодексинин «Ээнбаштык» беренеси менен жоопко тартылат. Мындан сырткары 7,5 миң сомдон 300 миң сомго чейин айып пул да каралган.

Парламенттик шайлоо Кыргызстанда 4-октябрга белгиленген. БШК 16 партияны каттады. Партиялар үгүт иштерин 4-сентябрда баштаган, ал 3-октябрда аяктайт.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы Кыргызстандагы таасирлүү делген Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп айтылып келет. Партиянын тизмесинде депутат Искендер Матраимов, аларга таандык «Исмаил Матраимов» атындагы фонддун өкүлү Элнура Алканова жана алардын адвокаты Канатбек Азиз да бар.

Ал эми Райымбек Матраимов бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары — OCCRP, «Азаттык» жана Kloop даярдаган «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу журналисттик иликтөөнүн фигуранты. Биргелешкен иликтөө көпчүлүктүн көзүнө урунбаган Абдыкадырлар аттуу уйгур үй-бүлө көмүскөдөгү ири карго компаниясын иштетип, анын алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматына олчойгон пара агылып турганын көрсөттү. Ошондой эле, бул иликтөө ал иштерге бажыдагы мурдагы чоңдордун бири, көпчүлүк кол тийгис деп эсептеген Райымбек Матраимовдун катыштыгын да ашкерелеген.