Президенттин кудасы Абжалиев шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен баратат

Алиярбек Абжалиев

Боршайком парламенттик шайлоого катышуучу «Мекеним Кыргызстан» партиясынын 200 талапкерин каттады. Партиянын талапкерлер тизмесинде Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев да бар — эл өкүлү шайлоого 27-орун менен баратат.

*Эл арасында «Мекеним Кыргызстан» өлкөдөгү таасирдүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп айтылат. Аталган үй-бүлөнүн эң белгилүү мүчөсү бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты болуп саналат.

Абжалиев парламенттин алтынчы чакырылышына «Республика — Ата-Журт» партиясы менен келген. Абжалиев коомчулукта иши менен эмес президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы катары белгилүү — анын уулу Атабек Абжалиев президенттин кызы Бактыгүл Шарипованын өмүрлүк жары.

Бактыгүл Шарипова жана Атабек Абжалиев

Ал эми Алиярбек Абжалиевдин башка уулу — Темирлан Токобеков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты — өткөн жылдын июль айында ал жол кырсыкка учураган. Токобековго катталган BMW X7 үлгүсүндөгү унаа Lexus ES менен кагылышып, анын натыйжасында төрт киши каза тапкан.

Кийинчерээк укук коргоо органдары жол кырсыгы Токобековдун унаасы жогорку ылдамдыкта бараткандыктан орун алганын аныктаган. Ошол эле учурда унааны Токобеков эмес, анын досу Элдияр Халмурзаев башкарганы айтылган — Каракол шаардык соту аны үй камагына киргизген.

Абжалиевдин үй-бүлөсүнө тийиштүү компаниялар

«Фактчек» жана «Кактус» басылмалары апрель айында Алиярбек Абжалиевге тийиштүү компаниялар жана анын мүлкү тууралуу иликтөө жарыялаган. Ага ылайык, Абжалиевдин өзүнө бир гана унаа катталганы белгилүү болгон.

Анткен менен Абжалиевдин мурдагы жубайы Гүлсара Сулайманова жана уулу Темирлан Токобековго 30 компания катталганы ашкереленген. Компаниялардын көпчүлүгү курулуш, туристтик жана тоо-кен өнөр жайы менен алектенишет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ажонун кудасы Алиярбек Абжалиевдин бизнес-империясы