Велосипедчендердин өлүмү: Жол кырсыгынын күнөөкөрү 8 жылга кесилди

Сокулук райсоту 9-сентябрда «Манас» аэропортун көздөй бараткан жолдо мас абалда эки велосипедчен кишини сүзгөн айдоочуга өкүм чыгарды. Аталган кырсыкта алган жаракаттарынан улам спортсмендер Евгений Требунский менен Илья Сидоров көз жумган.

39 жаштагы айдоочуга карата 8 жылга эркинен ажыратуу жана маркумдардын үй-бүлөсүнө жалпы суммасы 1 млн 80 миң сом моралдык кенемте төлөп берүү өкүмү чыгарылды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазы «Клоопко» кабарлады.

Анын айтымында, айдоочу 29-берене (Мас абалда кылмыш жасоо), 297 (Жол кыймыл эрежелерин бузуу) жана 135-беренелер (Этиятсыздыктан эки же андан көп адамды өлтүрүү) боюнча соттолду. Айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алды.

«Требунскийдин [кенжесине] пайдасына материалдык зыян үчүн 286 миң сом, моралдык зыян үчүн — 300 миң сом төлөтүп алынды. Экинчи жабырлануучу [Сидоровдун] пайдасына материалдык зыян үчүн 194 миң сом, андан тышкары моралдык зыян үчүн 300 миң сом төлөтүп алынды», — деп билдирди облсоттун басма сөз катчысы.

Каза тапкан велосипедчендердин бирөөсүнүн уулу Александр Требунский Kaktus.mediaга «чындыгында» жабыркаган тарап Чүй облсотуна аппеляция берет деп айткан.

Авто кырсык эки профессионал триатлончу веломашыгуудан кайтып келе жаткан учурда, 2020-жылдын 30-июнунда жүз берген.

Чүй облусунун ЖКККББсынын басма сөз кызматы авария учурунда айдоочу мас абалда болгонун бышыктаган.

Кыргызстандын триатлон федерациясынын маалыматына ылайык, Сидоров жеринде, ал эми Требунский тез жардам унаасында ооруканага баратканда көз жумган.

Триатлон федерациясынан маркум спортчулардын экөөсү тең мурда профессионалдык жактан велоспорт менен машыгып, СССРдин жана Кыргызстандын байге ээлери болушканын маалымдашты. Илья Сидоров СССРдин, ал эми Евгений Требунский Кыргызстандын спорт чебери болгон.

«Спортчулар өлкөдөгү жана дүйнөдөгү кырдаалга карабастан жигердүү машыгып жатышкан, алар спорт сүйүүчүлөрүнө гана эмес, профессионал триатлеттердин өсүп келе жаткан муунуна да үлгү болушкан», — деп билдиришкен федерациядан.