«Мекеним Кыргызстандын» талапкери «Биримдиктин» өкүлүн паспорт чогултууга айыптады

Азамат Арапбаев / Шайлообек Атазов

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан парламенттик шайлоого талапкер Шайлообек Атазов 23-августта «Биримдик» партиясынын өкүлү, депутат Азамат Арапбаевди «Оштогу кызматтардын жетекчилерине кысым жасап, паспортторду чогултууга» айыптады.

Анын айтымында, Арапбаевдин бул аракети президент Сооронбай Жээнбековго «жаман сөз тийгизип жатат». «Биримдик» партиясы коомчулукта «бийликчил» деп айтылып келет.

«Ошто Азамат Арапбаев деген Кудаяр хан чыгыптыр! [...] Жетекчилерди кысып жатат деп ыйлашууда [...] Ар бир ишкана жетекчилерин чакырып паспорт топтотуп жатат экен. Бизге арызданып келишүүдө. Элди кысып президентти да элге жек көрсөтүүдө! Мен мындай адамдардын аракеттери токтобосо элдик чара көрүүгө барам», — деп жазган Атазов.

Ошондой эле ал, Арапбаев бул иштен кайтпаса, «жаштар заправкаларын өрттөгөнү жатышат» деп айткан. Бирок ал бир аздан кийин жазган постун өчүрүп салып, аны жакын досу суранганы менен түшүндүрдү.

«Бирок, бул Арапбаевдин Ошто жүргүзүп жаткан иштерине мындан ары баа берүүнү токтоттум дегендик эмес. [...] Менин жазганыма ичи ооруп жаткан укук коргоо органдары, Азамат Арапбаевдин фейк күчүктөрү мага эмес, кайсы президент келсе да жанынан кетпеген кошматчы, зөөкүрлөргө кеңеш айтып, эскертип койгула! Ош шаары Арапбаевдин менчик үйү же жеке фирмасы эмес!» — деди ал.

Ал эми «Биримдик» партиясынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев «Клоопко» «эгер Атазовдо маалымат болсо укук коргоо органдарына кайрыла алат, болбосо бул чагымчылдык катары кабыл алынат» деп билдирди.

Азамат Арапбаев деген ким?

Арапбаев Ош шаардык кеңешинин мурдагы жана Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты. Журналисттер 14-августта ал «Биримдик» партиясынын Ош шаарындагы штабында жүргөнүнө күбө болушкан.

Ошол күнү штабда муниципалдык кызматтын жетекчилери жана кызматкерлер чогулган. Журналисттердин бири Арапбаевге партия «административдин ресурсту пайдаланып жатабы» деген суроо узатканда, ал «имараттын сыртына чыгып сайрагыла» деп жооп берген.

Ошондой эле ал Оштогу «Ош-Ойл ЛТД» ЖЧКсына таандык күйүүчү май куюучу жайларынын ээси. Бирок 2019-жылы Арапбаев салык кызматынан беш компаниянын тең түзүүчүсү экенин жашырып койгондугу айтылган.

Шайлообек Атазов деген ким?

Шайлообек Атазов мурдагы спортсмен, кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону, Ош шаардык кеңешинин экс-депутаты. Кыргызстандагы эң таасирдүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жакын адамы деп айтылып келет.

Ал Матраимовдорго таандык Оштогу EREM спорт клубун жетектеп, тренер катары да иштейт. Атазов «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого барат.

Ал эми айрым эксперттер «Мекеним Кыргызстан» Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп эсептешет — партиянын алдынкы тизмесинде депутат Искендер Матраимов бар. Ошондой талапкерлердин арасында Матраимовдордун өкүлү, адвокат Канатбек Азиз жана «Исмаил Матраимов» фондунун өкүлү, журналист Элнура Алканова да бар.

«Биримдик» VS «Мекеним Кыргызстан»

Буга чейин 19-августта Өзгөн районунун тургуну Нуркан Осмоналиев соцтармактарда «Биримдиктин» жетекчилигине кайрылуу жасаган. Анда ал вице-спикер Аида Касымалиева жубайы райондогу Ботобеков атындагы №53 мектептин директору Рахат Камбардиновага басым жасап жатканын билдирген.

Осмоналиевдин айтымында, Касымалиева директорго «Эмне үчүн мугалимдер "Мекеним Кыргызстан" партиясына иштеп жатышат?» деп суроо узатып, алардын тизмесин талап кылган. Буга далил катары ал What's App мессенджери аркылуу талапкер менен делген сүйлөшүүлөрдү келтирген. Бирок Касымалиеванын каттары өчүрүлгөнүнө байланыштуу так эмне жөнүндө сөз болгонун айтуу кыйын.

«Биримдиктен» талапкер менен директордун ортосунда сүйлөшүү болгонун ырасташып, бирок Касымалиева аны менен вице-спикер катарында гана сүйлөшкөн деп ишендиришкен. Ошондой эле «Касымалиева мектеп жетекчиси кызмат абалынан пайдаланып, эч бир партиянын атынан үгүт жүргүзүүгө укугу жоктугун туура белгилеген» деп билдиришти.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы аталган жаңжал боюнча комментарий бере элек.

Матраимовдордун үй-бүлөсү

Матраимовдордун үй-бүлөсү — Кыргызстандын түштүгүндөгү эң таасирдүү фигуралардын бири болуп саналат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Матраимовдордун бирөөсү азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылаган деп ишара кылган.

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов — Кыргызстандан 700 миллион долларга чукул каражаттын көмүскө жол менен чыгарылып кетиши тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты. Бул каражаттарды 5 жыл бою карапайым курьерлер аркылуу ташыган Айэркен Саймаити журналисттерге бул операцияларды Райымбек Матраимовдун жардамы менен жасаганын айтып берген.

Саймаитинин айтымында, Матраимов бажыдагы жемкорлукту колдоп, кыйтайлык ишкер Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүнө көмөк көрсөткөн. Курьерлер тоскоолсуз Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн акчаларын адалдагандан кийин, Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумайлияму каражаттардын бир бөлүгүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык болгон «Исмаил Матраимов» фондуна которушкан.

Кененирээк иликтөө менен бул шилтеме аркылуу таанышып алсаңыз болот. Ошондой эле, аталган фонддун эсебине миллиондогон каражаттар кимдер тарабынан түшкөнү тууралуу да маалымат алсаңыз болот.