Коронавирус дагы 77 кишиден аныкталып, 144 киши сакайды

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 11-сентябрдагы брифингде коронавирустун жаңы 77 учуру катталганын маалымдады. Ооруга чалдыккандардын 29унда COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 48инде клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек — 17;

Ош шаары — 3;

Чүй облусу — 5;

Ош облусу — 9;

Талас облусу — 1;

Нарын облусу — 1;

Ысык-Көл облусу — 9;

Жалал-Абад облусу — 13;

Баткен облусу — 19.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 44 761ге жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 17 773. Ал эми Чүй облусунда — 5 444, Ош облусунда — 4 221, Жалал-Абадда — 4 358, Ысык-Көлдө — 3 854, Ош шаарында — 3 415, Баткенде — 2 531, Нарын облусунда — 1 724 жана Талас облусунда — 1 441 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 144 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 54, Жалал-Абад облусунан — 33, Ош облусунан — 6, Ош шаарынан — 1, Баткен облусунан — 24, Чүй облусунан — 11, Нарын облусунан — 3, Талас облусунан — 2 жана Ыссык-Көл облусунан — 10 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 40 631 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 514 бейтап, ал эми үй шартында 2 165 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 063 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы суткада Жалал-Абад жана Баткен облустарында, Ош шаарында эмгектенген бирден медкызматкерден коронавирус аныкталды. Ал эми бир суткада жети медик айыкты жана 15 медик үй шартында дарыланып сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 163кө жетти, анын ичинен 2 657 медкызматкер илдеттен айыкты.