Иллюстративдик сүрөт

Экс-министр, Жогорку Кеңештин шайлоосуна «Мекенчил» партиясы менен аттанып жаткан Равшан Сабиров Бишкек мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына курулуш материалдарын сатуучу базар салам деп алган жердин ижарасы үчүн 9 млн 827 миң сом карыз. Бул тууралуу мэриянын аталган башкармалыгынын рейди учурунда белгилүү болду.

Сабиров аталган партиянын тизмесинде шайлоого 10-орунда баратат.

Маалыматка ылайык, Сабировго ижарага берилген жердин жалпы аянты 5 миң 130 чарчы метрди түзөт. Ал 2011-жылдан бери жердин ижара акысын төлөй элек. 2020-жылдын үчүнчү кварталына карата Сабиров Бишкек мэриясына 9 млн 827 миң сом карыз. Жердин ижара акысы жылына 1 млн 88 миң 73 сомду түзөт.

Талап боюнча карызы тууралуу билдирүү берилгенден кийин жерди ижарага алган тарап 5 күндүн ичинде карызын төлөшү керек. Эгер карызын төлөбөсө Бишкек мэриясынын жер ресурстары башкармалыгы түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу маселесин карайт.

Курулуш материалдарын сата турчу базар салууга жер Кайназаров менен Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинен берилген.

Коррупция үчүн соттолгон мурдагы министр

Равшан Сабиров социалдык өнүктүрүү министри болуп турганда коррупция үчүн айыпталып, соттолгон.

Атап айтканда, Сабиров менен анын жардамчысы Тахир Мирзакмедовго каршы кылмыш иши 2012-жылдын июлунда козголгон. Экс-министрге каршы кылмыш ишинин козголушуна жардамчысы Мирзакмедовдун параны жетекчиси үчүн талап кылгандыгы тууралуу берген көрсөтмөсү себеп болгон.

Экс-чиновник италиялык компанияга Кыргызстандын аймагында бала асырап алуу лицензиясын берүү үчүн алардан пара талап кылган деп айыпталгандан соң 2013-жылдын май айында мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен 5 жылга эркинен ажыратылган болчу. Сабировдун өзү «Клоопко» берген маектеринин биринде айыптоолордун бир дагы пункту менен макул эмес экендигин жана чет элдик компаниядан пара талап кылбагандыгын билдирген.

Бирок Сабиров 2014-жылдын мартында Адам укуктары боюнча декларациянын 65 жылдыгына карата мунапыс менен бошотулган.