Ниязов: УКМК Кой-Таштагы атайын операциянын ийгиликсиз өтүшүн маркум спецназчыга оодаргысы келүүдө

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси, Кой-Таштагы окуялар учурунда адамдарды барымтага алууга жана башаламандыкка айыпталган Фарид Ниязов УКМКны күбөлөргө басым кылууда деп айыптады. 2019-жылдын 7-8-августтарында спецназ Кыргызстандын мурдагы президентинин резиденциясын штурмга алган.

Ниязовдун билдирүүсүн 14-сентябрда ушул эле иш боюнча шектүү болуп аткан КСДП партиясынын башчысынын орун басары Кундуз Жолдубаева жарыялады.

Фарид Ниязовдун Кой-Таштагы окуяларды иликтөө тууралуу билдирүүсү.

«Жети спецназчы суралып бүттү, эми УКМКнын жетекчилиги 7-августтагы [2019-жылы Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы] маскара атайын операциянын ийгиликсиздиги үчүн күнөөнү “Альфанын” командиринин каза тапкан орун басары Үсөнбек Ниязбековго оодарып салгысы келип атканы айкын болуп калды», — деп билдирди Ниязов.

Анын ою боюнча, «жоокерлер өз көрсөтмөлөрүндө чаташып» жатышат, анткени бийлик аларга басым кылып, өздөрүнө «керектүү» маалыматтарды берүүгө мажбур кылууда.

«Алар — жоокерлер, өз жетекчилигине кыңк этпей баш ийишет. Судья менен прокурорлор спецназчылар адвокаттардын конкреттүү суроолоруна жооп беришине ар кандай жол менен тоскоол болуп жатышат», — деп жыйынтыктады өз билдирүүсүн Ниязов.

«Бийликти басып алуу» боюнча иш

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү — Фарид Ниязов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков жана Мээрбек Мискенбаев, УКМКнын экс кызматкери Канат Сагымбаев, депутаттар Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, ошондой эле Кундуз Жолдубаеваны 2019-жылдын августунда Кой-Ташта болгон окуядан кийин кармашкан.

Ал окуяда, Атамбаевдин үйүн штурмга алуу учурунда, Ниязов билдирүүсүндө айтып өткөн спецназ башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбеков октон жаракат алып, каза тапкан. Ошол эле жылдын 28-августунда президент Сооронбай Жээнбеков маркумду «Эрдик» наамы менен сыйлаган.

Мындан тышкары, күч түзүмдөрү менен Атамбаевдин тарапташтарынын ортосундагы эки күнгө созулган жаңжалдан жүздөгөн адам жабыркаган.

Мурдагы президенттин тарапташтарына «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү» жана «Адам өмүрүнө кол салуу» беренелери боюнча айып тагылган.

Биринчи май райсотунун судьясы Марат Сыдыков Кой-Таш окуясы боюнча териштирүүнүн мөөнөтүн 2020-жылдын 11-ноябрына чейин узарткан. Ошондой эле бул иштин калган фигуранттарынын жаза өтөө чаралары да узартылган.

Мурдараак судья сот процессин онлайн режимде өткөрүүнү чечкен, адвокаттар жана прокурорлор ооруп, ал эми айыпталуучулар ТИЗОдон алыныап келинген эмес.

Кой-Таш айылындагы окуялар

Бийлик мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүн эки күнгө созулган штурмга алуудан кийин 8-августта кармаган.

Күч органдары Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча суракка үч жолу келбей койгондон кийин үйүн штурмга алууну чечкен.

Атамбаев күбө катары суракка алынмак, бирок кармалгандан кийин анын макамы шектүүгө өзгөргөн.

Штурмдун биринчи күнү, 7-августта, Атамбаевдин тарапташтары атайын операция жүргүзүп жаткан УКМКнын алты кызматкерин туткунга алышкан.

Атамбаев сот отурумдарына катышуудан бир нече жолу баш тарткан. Ал октябрь айында кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча сотко катышпаарын, анткени «болуп жаткандардын баары мыйзамсыз» деп билдирген.

Буга карабастан Атамбаев 11 жыл эки айга кесилген. Ошондой эле, сот анын мүлкүн конфискациялоону чечкен.