УКМК: Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара менен кармалды

Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ош облусундагы Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Жанышбек Аширов кармалганын 14-сентябрда кабарлады. Судья пара алган учурунда колго түштү.

Маалыматка ылайык, 11-сентябрда УКМКга Кара-Суу райондук сотунун судьясы «А.Ж.С.» пара талап кылганына даттанган жаран арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, судья акчаны ага карата оң чечим чыгаруу үчүн талап кылган.

Паранын өлчөмү канча болгону белгисиз, ал эми атайын кызмат жарыялаган сүрөттөрдө бир нече 100 АКШ долларлык купюралардын көчүрмөлөрүн көрүүгө болот.

Аширов өткөн жылдын декабрь айында «мыйзамдуулукту чыңдоодо сиңирген эмгеги жана сот органдарындагы көп жылдык үзүрлүү иши үчүн» президент тарабынан сыйланган.

Өткөн жылдын октябрь айында УКМК Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбековду 20 миң сом пара алып жаткан учурунда кармаган. Шектүү «оң чечим чыгаруу үчүн» жалпысынан 100 миң сом опузалаган. Президент Сооронбай Жээнбеков аталган судьяны февраль айында ээлеген кызматынан бошотту.