Унаа уурдады деген шек менен кармалган Антимонополия башчысынын уулу ТИЗО-1ге киргизилди

Өлкөнүн антимонополиялык жөнгө салуу мамагенттигинин директору Шухрат Сабировдун уулу Аброр Сабиров эки айга Бишкектин ТИЗО-1не киргизилди. Чүй облсоту АКИpress басылмасына Сабиров тергөө маалында камакта болоорун билдирди.

Сабировдун уулуна каршы сот 12-сентябрда болду. Ал Жазык кодексинин «Карактоо менен кол салуу» беренеси боюнча айыпталууда. Мыйзам боюнча ага эки жыл алты айдан он жылга чейинки эркиндигинен ажыратуу жазасы менен бирге мамлекеттин пайдасы үчүн 100 миңден 220 миң сомго чейинки штраф салынышы мүмкүн.

Сот териштирүүсү башталганга чейин Аброр Сабиров Ысык-Ата райондук убактылуу кармоочу жайында кармалып аткан.

Сабиров карактоо менен кол салууга жана Канттагы айып короодон эки аткез автоунааны айдап качуу боюнча шектелип, 9-сентябрда кармалган. Ошондой эле Чүй ОИИБи шектүү адам шериги менен бирге айыпкороонун күзөтчүсүн байлап, сабашканын, андан кийин машиналарды Бишкекке айдап качышканын билдирген.

Бирок, Сабировдун атасы — аткаминер Шухрат Сабиров Kaktus.Media басылмасына курган маегинде уулу күзөтчүнү токмоктобогонун айткан. Анын айтымында, ал «адамды жөн гана скотч менен таңган».

«Бул окуялар боюнча кабарым жок болчу, ал мага айткан эмес. Мен аны ойлонбой иш кылуудан айнытмакмын. Ага жин тийди. Албетте, мен үчүн бул жагымсыз кырдаал. [...] Мен айып короонун 74 жаштагы күзөтчүсү менен жолугушкам, анын уулума карата доосу жок», — деп билдирди аткаминер.

Сабиров уулу «мындай жорукка барууга аргасыз болгон», анткени жеке өзүнө таандык унааларды кайтаргысы келген деп эсептейт.

«Уулум акыркы үч айдан бери унаа жана унаа тетиктери менен иштеп аткан. ЭКККМКда бул унаалар боюнча суроолор жаралып, аларды айып короого токтотуп коюшкан экен. Алар өздөрү уулумдан төлөмдөр боюнча документтерди сурашкан экен. Бирок ал аларды Орусияда төлөп, документтердин көчүрмөсүн көрсөтүптүп. Бирок ЭКККМК аларды өз булактары аркылуу сураттырыптыр. Унаалар эки ай турган, балам бул унаалар үчүн акчалардын көбүн досторунан алган», — деп билдирди Сабировдун атасы.

Автору: Милана Щербакова.

ТЕМА БОЮНЧА: ЖМК: Милиция унаа уурдады деген шек менен таасирдүү аткаминердин уулун кармады