Алайдагы петроглифтер маданий баалуулуктар тизмесинде жок болуп чыкты

Алай районундагы саймалуу таштар. Сүрөт: Зафер Динчер

Ош облусунун Алай районундагы көмүр карьеринен улам талкаланып жаткан петроглифтер маданий баалуулуктар тизмесинде жок болуп чыкты. Бул тууралуу 15-сентябрда маданият министри Азамат Жаманкулов Sputnik басылмасына билдирди.

«Эми тизмеге киргизүү маселесин карайбыз. Негизи көмүр казган компания министрликтен уруксат алышы керек эле, бирок бизге кайрылган эмес», — деди ал.

Жаманкулов маселе боюнча райондун акимине, экотехинспекцияга жана башка тиешелүү органдарга кайрылганын кошумчалаган.

Ошондой эле аймакта көмүр кенин казып жүргөн «Жол-Чырак» ЖЧКсынын иши убактылуу токтотулду.

Буга чейин Фотограф Зафер Динчер фейсбукта Ош облусунун Алай районундагы саймалуу таштар көмүр карьеринен улам жоголуп кетүү коркунучунда экенин жазган. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, бир нече кишилер көмүр карьерине каршы чыгышкан.

Кийинчерээк көмүр кени Кара-Суу районуна тиешелүү болуп, кен казган бир нече компания аны Алай районунун аймагы менен ташып өтөөрү белгилүү болгон.

Кара-Суу райондук экотехинспекциясынан аймакка бир нече күн мурда көмүр карьерине алып барчу жаңы жол курулганын айтышып, аны ким салганын жана кимден уруксат алынганын текшерүүнү убадалашкан.

Ал эми маданият министрлиги аймакта жүрүп жаткан иштерди токтотуу боюнча тиешелүү органдарга кат жолдоп, атайын түзүлгөн комиссия текшерүү үчүн 15-сентябрда жерине бармай болгон.

Көмүр казган компания президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин мурдагы жубайы — Гүлсара Сулаймановага таандык.

Ал 2008-жылы аталган аймакта 200 гектарга жакын жердеги күрөң көмүрдү чалгындоого, ал эми 2014-жылы 71 гектар аймактан 18 жылга көмүр өндүрүүгө лицензия алган.

Петроглифтер — байыркы кыргыздар аска-ташка чиймелеп калтырган сүрөттөр. Алай районундагы петроглифтер 1985-1987-жылдары Саймалуу-Таш географиялык тизмесине кирген.