Бийлик COVID-19дун экинчи толкунуна даярданууда — Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 15-сентябрда өткөн брифингде маалымдагандай, ведомство мезгилдик сасык тумоонун күч алышына даярдык көрүп, вакцинанын биринчи партиясын сатып алды.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги [...] сасык тумоого каршы эмдөөнүн 119,663 дозасынын биринчи партиясын сатып алган. Учурда сатылып алынган вакцина республиканын бардык аймактарына таратылууда, эмдөө 16-сентябрда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда, бара-бара өлкөнүн бардык аймактарында башталат», — деди Абдикаримов.

Вакцинанын экинчи партиясы 21-сентябрдан кийин келери күтүлүүдө. Абдикаримовдун айтымында, 1-ноябрга чейин жалпысынан Кыргызстанга дагы 770 миң доза келет.

Республикалык штабдан кабарлашкандай, вакцина биринчи кезекте тобокел тобундагы бейтаптарга берилет.

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча, вакцина биринчи кезекте өнөкөт оорулары бар адамдарга, көп учурда оорулуу балдарга, кош бойлуу аялдарга, иммунитети төмөн жана 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга, балдар үйлөрүндөгү балдарга, карылар үйүндөгү адамдарга, интернаттардын балдарына, ошондой эле медициналык адистерине жүргүзүлөт», — деп маалымдашты штабдан.

Тест жана жеке коргонуу каражаттарын сатып алуу

Мындан тышкары, ведомствонун башчысы бийлик COVID-19дун мүмкүндүү экинчи толкунуна даярданып жатканын белгиледи. Анын айтымында, ведомство бул үчүн бюджет түзүп, COVID-19га анализ жүргүзүү үчүн зарыл каражаттардын тизмесин даярдады.

«Коомдук саламаттык сактоонун 1500 адисинин очоктордо 6 ай иштөөсү үчүн керектүү болгон жеке коргонуу каражаттарынын, дезинфекциялык каражаттардын, антисептиктер эсептелип чыгып, бюджет түзүлгөн жана сатып алуу боюнча иш-чаралар жүрүүдө», — деди Абдикаримов.

Ал өлкөдө ПЧР-тестирлөөнү өткөрүү үчүн кошумча 15 бактериолог-врач окуудан өткөнүн кошумчалады.

COVID-19дун экинчи толкуну

Өлкө бийлиги COVID-19дун экинчи толкуну тутанышы мүмкүндүгү тууралуу биринчи эле жолу кабарлап жаткан жок. Өкмөт башчыс Кубатбек Боронов 3-сентябрда Штабдын жыйынында коронавирустун экинчи толкуну ноябрда башталат деп айткан болчу.

Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируста сасык тумоонукундай сыяктуу сезондугу жоктугун кабарлаган.

«COVID-19дун экинчи толкуну болбойт — бир эле чоң толкун болот. Ал көтөрүлүп кайра басаңдайт. Эң жакшысы бул толкундун көтөрүлүшүн болтурбоонун үстүндө иштөө оң болот», — деп айткан ДССУнун өкүлү Маргарет Харрис.

Өлкө бийлигинин божомолу менен кооптонуусуна карабастан Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүшү керек. Азыркы учурда депутаттыкка талапкерлердин үгүт жүргүзүү иш-чаралары кызуу өтүүдө, ал 3-октябрда аякташы керек.

15-сентябрга карата, Кыргызстанда COVID-19га чалдыккандардын саны 44 999 адамга, ал эми айыккандардын саны 41 103 адамга жетти. Министрликтин маалыматына караганда, өлкө боюнча жалпы 1063 адам коронавирустан каза болду.

Авторлошу: Амина Кадралиева.