Чаткал: Дарыяны булгаган жеке ишкерге 5 миң сом айып салынды

Материал 17-сентябрда саат 13:09да жаңыртылды.

Жалал-Абад облусундагы Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айыл аймагындагы дарыяны булгаган жеке ишкер Шабданбек Субановго 5 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу «Клоопко» Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондору боюнча экотехинспекциянын башчысы Эрмек Төлөбаев 15-сентябрда билдирди.

Юстиция минитрлигинин расмий сайтында Субанов «Металл-Альянс» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири деп көрсөтүлгөн. Бирок Мамэкотехинспекциясынын басма сөз кызматынан 17-сентябрда Шабданбек Субанов 2014-жылдан бери ал компанияга тиешеси жоктугун билдиришти. 

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн тоскоолдуктарына карабай, Бишкектеги Госэкотех инспекциянын орунбасары Расул Артыкбаев...

Posted by Aybek Myrza on Friday, September 11, 2020

«Мурда да иш козголгон экен, бирок мен чечимдер менен толук таанышпадым. Аталган киши лицензияда көрсөтүлгөн жерден башка жерди казгандыгы үчүн иш козголуптур. Былтыр иш козголуп бардыгы болуп 900 миң сом айып салынып, мамлекетке өндүрүлгөн», — деди Төлөбаев.

Буга чейин, 10-сентябрда, экоактивист Айбек Мырза Чаткал районунда булганган дарыянын видеосун жүктөгөн. Ал эми Мырза жергиликтүү экотехинспекцияга кайрылганда, имараттан активисттерди укук коргоо органдарынын кызматкерлери кууп чыгышкан.

Көп өтпөй окуя болгон жерге Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттары бир нече тургундар менен келишип, экоактивисттер менен чырдаша баштаган. Чогулгандардын бири активисттерден Чаткалдан тез арада кетип калууну талап кылган.

Активисттердин айтымында, чогулгандарга алтын казуучу «Вертекс Голд Компани» компаниясынын өкүлү Тынарбек Сапарбек уулу да келген, бирок ал өзүн жарандык активист катары тааныштырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Алтын мафия». Чаткалда белгисиз адамдар экоактивисттерге тоскоолдук жаратты