БШК «Мекенчилге» үгүттөгөн жаш балдардын катышуусундагы видеону текшерет

Эмне болду?

«Мекенчил» партиясынын мүчөсү Мирбек Уметалиев 15-сентябрда өзүнүн фейсбук баракчасына видео жүктөдү. Анда бир нече жаш балдар аталган партияны шайлоого үгүттөгөн.

Тасмадан «Мекенчилдин» логотиби түшүрүлгөн футболка кийген болжол менен 7-12 жаштагы алты бала кезеги менен улуу муунга кайрылганын көрүүгө болот. Балдар ата-энелерине, чоң ата жана чоң энелерине кайрылып, аларга келечегин ишенип тапшырганын айтышкан.

«Тандоодон адашпаңыздар. Шайлоого сөзсүз келиңиздер, “Мекенчил” партиясына добуш бериңиздер», — деп видеонун аягында балдар жалпы айтышкан.

«Видеону партия жүктөгөн эмес»

Аталган партиянын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов «Клоопко» алгач видео штабдын уруксатысыз жүктөлгөнүн, аны жүктөгөн киши менен сүйлөшүү жүрүп «катуу сөгүш» берилгенин билдирди.

«Биз башынан эле мыйзамды карманып келебиз. Видеону партия расмий жүктөгөн жок. Ар ким ар кандай чыгара берет экен. Кудай буюрса видеонү өчүрөт», — деди ал.

Кийинчерээк Анаркулов кайрадан байланышып, маалыматты тактаганын, жүктөгөн кишинин партияга эч кандай тиешеси жоктугун жана аны тааныбашын айтты.

«Бизде Уметалиев Мирбек деген кандидат бар. Бирок ал башка. Бул киши эч кандай биздин штабда да иштебейт, таптакыр бизге бейтааныш адам болуп жатат», — деди ал.

Анаркулов башында ким менен сүйлөшүү жүргүзүп, кимге катуу сөгүш бергени белгисиз. Ал эми видеону жүктөгөн Мирбек Уметалиев «Клоопко» партиянын мүчөсү экенин билдирип, видеону өчүрүп салууну убадалады.

«Элдер тартып жиберишкен экен. Whats App мессенджеринен тайпага келген», — деп түшүндүрдү ал.

Кийинчерээк ал видеону баракчасынан өчүрдү.

«Мекенчил» партиясы шайлоого катышып жактан 16 партиянын бири. Аны экс-депутат Камчыбек Ташиев жетектейт.

Ошондой эле тизменин алдынкы катарына бийликти барымтага алууга айыпталган экс-депутат Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров, экс-депутат Жылдызкан Жолдошева жана Чүй облусунун мурдагы губернатору Болоткан Кумаров кирген.

Бул эмне үчүн туура эмес?

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, үгүттөө учурунда жашы жете элек балдарды пайдаланууга жана алардын сүрөттөрдүн колдонууга тыюу салынат.

Мисалы «Кыргызстан» партиясы да баннерлеринде жаш баланын сүрөтүн колдонгондугу үчүн БШКдан эскертүү алган. Ал эми 14-сентябрда партия бардык баннерлериди алып салууга мажбур болгон.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Марина Гречанная «Мекенчилдин» мүчөсү жүктөгөн видео 16-сентябрда БШКда каралаарын билдирди.