Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 45 миңден ашты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 16-сентябрга карата коронавирустун жаңы 73 учуру катталганын кабарлады. Жаңы учурлардын 18и лабораториялык тастыкталган.

Аймактар боюнча:

Баткен облусу — 18;

Ош облусу — 14;

Бишкек шаары — 11;

Жалал-Абад облусу — 9;

Ысык-Көл облусу — 9;

Чүй облусу — 5;

Ош шаарында — 3;

Талас облусунда — 3;

Нарын облусу — 1.

Мындан сырткары өткөн суткада илдеттен 107 бейтап айыкты.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 47. Ошондой эле, Баткен облусунда — 26, Жалал-Абад облусунда — 14, Талас облусунда алты, Ысык-Көл облусунда беш, Ош жана Чүй облустарында төрттөн, Ош шаарында бир бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 45 072ге жетти. Алардын ичинен 41 210 бейтап айыкты — бул жалпы оорулуулардын 91 пайызы. Мындан сырткары COVID-19дан 1 063 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө коронавирустан 509 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле, 1 849 киши үй шартында дарыланууда.

Андан сырткары Баткен облусунда жети медкызматкерден коронавирус инфекциясы аныкталды. Ошондой эле өткөн суткада 19 медик коронавирустан айыкты — алардын 13ү үй шартында дарыланган. Жалпысынан COVID-19ду 3 181 медик жуктуруп, алардын 2 729у оорудан сакайган.

Саламаттык сактоо министрлиги 30-июлда 73 каза болгон медкызматкер тууралуу билдирген. Бирок мекеменин 3-августтагы маалыматына ылайык, алардын саны 71ге түшкөн.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.