«Мекеним Кыргызстандын» талапкери Зафарбек Айдаров Кара-Сууда сабалган эмес — Алканова

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Зафарбек (Запарбек) Айдаров сабалды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу партиянын талапкери Элнура Алканова «Азаттыкка» билдирди.

«Азыркы учурда Айдаров шайлоочулар менен Кара-Сууда жолугушууда жүрөт экен. Андай маалыматтар жалган. Таптакыр андай нерсе болгон жок», — деген Алканова.

«Клооптун» өздүк булактары Кара-Суу районунда Айдаров эмес, «башка бажычы» сабалганын билдиришти. Ал 10-сентябрда Савай айыл өкмөтүндөгү Октябрь айылында сабалган бажы кызматкери болушу ыктымал.

15-сентябрда социалдык тармактарда Зафар Ошто жана анын тарапташтары сабалды деген маалымат тараган болчу. Ош ОИИБинен да бул маалыматты тастыкташкан жок.

Зафарбек (Запарбек) Айдаров «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлер тизмесинде 129чу орунда жайгашкан. Буга чейин Айдаров эрежесиз эр уруш мушкери болгон. Ал эми учурда ал Мамлекеттик бажы кызматынын башкы инспектору болуп эмгектенип, подполковник наамына ээ болгон.

Шайлоого катышканга чейин ал бажы кызматынын Бишкек башкармалыгында башкы инспектор болуп иштеп жаткан.

Коомчулукта «Мекеним Кыргызстан» партиясы Кыргызстандагы эң таасирдүү делген Матраимовдорго караштуу деген пикирлер айтылып келет.

Айдаров Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдун кудасы — ал бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы. Матраимов Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражаттар чыгарылган тууралуу журналисттик иликтөөнүн фигуранты.

«Абдукадырдын кланы миллиондогон долларларды кантип көмүскө кербен аркылуу ташып турган?» журналисттик иликтөөдө Зафарбектин иниси, бажы кызматкери Эркинбек Айдаров 2016-жылы Түркияга 715 200 АКШ доллар алып чыкканы белгилүү болгон. Эркинбек Айдаров декларацияда аталган каражаттарды «өзү тапкан кирешелер» деп көрсөткөн, бирок бул сумма анын айлык маянасынан алда канча жогору.

Журналисттерге бул маалыматты ачыктаган ишкер Айеркен Саймаити Айдаровду туруктуу курьер катары мүнөздөп, Абдукадырдын акчасын ташыган учурда чогуу иштешкенин айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстан аркылуу 700 млн доллардын изин жашырган Айэркен Саймаитинин окуясы