Коронавирус дагы 91 кишиден аныкталды

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 18-сентябрдагы брифингде коронавирустун жаңы 91 учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек — 7;

Ош шаары — 3;

Чүй облусу — 11;

Ош облусу — 15;

Талас облусу — 3;

Нарын облусу — 2;

Ысык-Көл облусу — 15;

Жалал-Абад облусу — 15;

Баткен облусу — 20.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 45 244кө жетти.

Ошондой эле, акыркы суткада 98 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 39, Жалал-Абад облусунан — 5, Ош облусунан — 10, Баткен облусунан — 18, Чүй облусунан — 4, Нарын облусунан — 3 жана Ыссык-Көл облусунан — 19 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 41 415 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 547 бейтап, ал эми үй шартында 1772 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 063 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы суткада үч медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Баткен облусунан эки, Жалал-Абад облусунан бир медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада төрт медик айыкты жана 17 медик үй шартында дарыланып сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 188ге жетти, анын ичинен 2 760 медкызматкер илдеттен айыкты.