Өкмөт башчысы ИИМге Араванда чыккан чырды иликтөөнү тапшырды

Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов

Премьер-министр Кубатбек Боронов 21-сентябрда ИИМдин жетекчилигине Ош облусунун Араван районунда агитациялык иш-чара маалында чыккан урушту тез арада иликтөөнү тапшырды.

Өкмөт башчы күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгиледи. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.

ИИМден билдиришкендей, райондогу коомдук тартипти камсыз кылууда келтирилген кемчиликтери үчүн Араван РИИБдин башчысы Сактан Исмаилов кызматынан алынды. Ошондой эле бир катар кызматкерлер тартиптик жазага тартылды.

20-сентябрда Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүндөгү Араван айлында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүт иш-чарасында массалык мушташ орун алды. Анын натыйжасында 12 киши оорукана жаткырылып, 10 киши камакка алынды. Ошондой эле 5 автоунаа талкаланган.

Ош ОИИБи тараткан пресс-релизде мушташтын чыгуу себеби белгисиз деп жазылган. Ал эми облустук милициянын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «Азаттыкка» жаңжал үгүт иш-чарасын өткөрүп жаткан талапкердин башка партиянын талапкерин «жамандап койгону» себеп болгонун белгилеген.

«Мекеним Кырызстан» партиясынын талапкери, парламенттин депутаты Ильхом Маннановдун катышуусунда жолугушууга 100дөй киши катышкан. Партиянын расмий билдирүүсүнө ылайык, белгисиз чагымчыл топ тарабынан агитациялык жолугушууну үзгүлтүккө учуратып, алар иш-чаранын катышуучуларын сабап киришкен. Мындан улам партиянын бир нече тарапташы жабыркап, алардын бири Ош облустар аралык ооруканада оор абалда экенин маалымдашты.

«Окуя болгон жерден көптөгөн видео тараган, алардын айрымдарында ким чырга себеп болгону жана эмне болгону так көрсөтүлгөн», — деп билдиришкен партиядан.

Маннанов КСДП партиясынан 2015-жылы парламентке депутат болуп шайланып келген. Учурда «Мекеним Кыргызстандын» тизмесинде №33 орунда катталган. «Кактус» басылмасы чырда депутат жабыркаган жок деп билдиришти. Милициядан Маннанов жолугушуу өткөрөөрү тууралуу аларга кабарлаган эмес дешти.

Юсупов айыл өкмөт башчысы Шукирилло Файзуллаев «Биримдик» партиясы менен парламенттик шайлоого катышууда. Ал тизмеде №74 орунда. Азырынча милиция жана партиялар уруш Маннанов менен Файзуллаевдин тарапташтарынын ортосунда чыгып-чыкпаганын тастыктай элек.

Бирок Аравандагы окуяга «Биримдик» партиясынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев да фейсбукта пост жарыялаган. Анда чагымчылдыкка күнөөлүү болгондор жазаланышы керектиги айтылат. Мындан тышкары партиядагылар укук коргоо органдары кыска убакыттын ичинде иликтөө жүргүзүп, чагымчылдарды аныктайт деп үмүттөнүшөт.

Анткен менен «Биримдик» партиялардын өкүлдөрү чагымчылдык билдирүүлөрдү жасабашы керектиги да белгиленген.

Араван райондук милициясы окуяны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, «Бейбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.