«Мекенчил» партиясынын өкүлү Кара-Суунун мэрин агитациялык чогулушту үзгүлтүккө учуратканына айыптады

«Мекенчил» саясий партиясынын Ош облусунун Кара-Суу райондук штабынын башчысы Төлөгөн Келдибаев 20-сентябрда Кара-Суу шаарынын мэри Адылбек Лолобаев партиянын үгүт иш-чарасын үзгүлтүккө учуратканын айтып, райондук прокуратурага арызданганын билдирди.

Анын айтымында, партиянын лидерлери 21-сентябрда борбордук аянтта шайлоочулар менен жолугушуу өткөрөөрүн кабарлап шаардык мэрияга 17-сентябрда кат менен кайрылышкан.

Ал эми мэр борбордук аянтта жолугушуу өткөрүүгө уруксат бере албасын айтып, партияга жолугушууну шаарда жайгашкан «Манас» стадионунда өткөрүп алууну сунуштаган.

«Аянтка уруксат бере албаймын деп кызмат абалынан пайдаланып жатат. Кара-Суу шаарынын мэринин борбордук аянтта жолугушуу өткөрүүгө уруксат берүү, ыйгарым укугуна жана милдетине кирбейт. Мэрдин аракети Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө кодекстин талаптарына каршы келет», — деген Келдибаев.

Ошондой эле ал, мэрдин аракетине укуктук жактан баа берүүлөрүн суранып топтолгон материалдарды райондук прокуратурага өткөрүп бергенин айткан.

Кара-Суу шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Бабур Муминов «Клоопко» партияга аянтта жолугушуу өткөрүүгө уруксат берилбегенин ага мектептин жакын жайгашканы менен түшүндүрдү.

«Мыйзам боюнча жолугушуулар мектептерден 100 метр алыстыкта өтүшү керек. Аянтта эки мектеп бар, ал жакта 1-класстар сабак өтүп жатышат. Каалашса стадионду, башка жактарды берели. Мыйзамга таянып эле айттык, эч ким тоскоолдук кылган жок», — деди ал.

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобого ылайык, жолугушуу жайы зыяндуу заттар камтылган объектилерден, электр станцияларынан, темир жолдорунан жана мамлекеттик билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринен 100 метр алыстыкта өтүшү шарт.

Анткен менен кээ бир партиялар аталган эрежелерди сактабай эле жолугушууларды өткөрүп жатышат. Мисалы «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин бири 20-сентябрда үгүт жолугушууну Өзгөн районунун Мырзаке айылындагы Абдылда Калмурзаев атындагы мектептин короосунда өткөргөн.

Кара-Суу районун Тилек Матраимов 8 жылдан бери жетектеп келет. Анын үй-бүлөсүнө байланышы бар делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы да парламенттик шайлоого катышууда. Талапкерлердин арасында анын агасы, депутат Искендер Матраимов да бар. Ал эми дагы бир агасы Райымбек Матраимов бажыдагы коррупция тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты.

Кара-Суу шаарынын башчысы Адыл Лолобаев мурда бажы кызматкери болуп иштеген, мэр болуп үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда дайындалды.