Ысык-Ата РИИБнин башчысы кызматкерин «сасык» деп атады — ИИМ кызматтык иликтөө баштады

Чүй облусттук ИИБнин пресс-кызматы «Клоопко» Ысык-Ата РИИБнин башчысы кол алдындагы кызматкерин кемсинтип жатканы тартылган видеого комментарий берди.

«Азыркы убакта толук жана бей тарап иликтөө жүргүзүш үчүн ИИМдин ички текшерүү кызматы тарабынан иликтөө жүргүзүлүп жатат», —басма сөз кызматы маалымдады.

Видео Oppa.kg инстаграмм баракчасында жарык көргөн. Тасмада болжолдуу ИИБдин башчысы кызматкерин «сасык» деп атаганын көрүүгө болот.

«Сасык» сөзүнөн улам чыккан чыр

2017-жылы өлкөнүн президенти болуп турган Алмазбек Атамбаев 6-мартта кыргызстандыктарга маданияттагы жетишкендиктер үчүн сыйлыктарды тапшыруу учурунда айрым партияларды «сасык», ал эми кээ бир саясатчылары «мародёрлор» деп атаган.

Анда «Ата Мекен» партиясынын юристтери бул сөздөр аларга тиешелүү болбогонун айтып, саясасий бирикменин беделин коргоо үчүн президентти сотко беришкен.

Бирок 2018-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекендин» юристтерине ал убакта президенттик кызматын тапшырып кеткен Алмазбек Атамбаевге каршы доосун кароодон баш тарткан.

Эксперттердин корутундусуна ылайык, мурдагы президент сөзүндө «Ата Мекен» тууралуу айткан эмес.