«Көп күпүлдөбөгүн бала». Келдибеков үгүт иш-чарасында шайлоочу менен уруша кетти

Урматтуу окурмандар, текстке өзгөртүүлөр киргизилди. Келдибековдун «Сага окшогон кыйындарды до фига ...» деген цитатасында алгач «ургам» деген сөз жазылган, бирок Келдибеков айткан сөзү «көргөм» деген этишке да окшошуп кетет экен. Ошондуктан цитатада көп чекит калтырылды.

Фейсбукта 21-сентябрда «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын талапкери, мурдагы спикер Акматбек Келдибековдун агитациялык жолугушуу маалында тургундардын бирин «кекеткен» видеосу тарады. Алдын ала маалыматтар боюнча окуя Ош облусунун Алай районунда болгон.

Posted by Mirbek Umetaliev on Monday, September 21, 2020

Posted by Mirbek Umetaliev on Monday, September 21, 2020

Тасмада Келдибековго тургундардын бири «Ошондо мен 9-класста элем, депутат болгондон бери эмне кылдыңыз» деген суроо узатат. Буга ал «8 жылдан бери Атамбаев, Текебаев менен чабышып жүрдүм» деп жооп берген.

Андан кийин ошол эле тургун «эми Жанар Акаев менен чабышасыз» деп комментарий берген. Келдибеков ачуусу келип «Жанар үкам болот, мен Текебаев менен чабышам. Өмүр бою чабышкам, чабыша берем» деген.

«Үкам нормальный сүйлөш. Мен сага окшогон алайлыкмын. Көп күпүлдөбөгүн бала, менин жиниме тийбегин. Сага окшогон кыйындарды до фига ... Өчүр телефонуңду», — деп талапкер видеого тартууну өчүрүүнү суранган.

Жергиликтүүлөрдүн бири «видеого тарта бер» деп, Келдибековго эмнеге коркутуп жатканын айткан. Анда талапкер «тууганча сүйлөшөлү деп жатпаймынбы» деп видеого тартып жаткан киши тарапка басып келип аны өчүргөн.

Учурда экс-спикер партиялаштары менен аймактарды кыдырып, үгүт жолугушууларга катышууда. Келдибековдун фейсбук баракчасында видеодогу кийим-кечеги менен тартылган бир нече сүрөттөрү да бар. Ошондой эле тасмада партиянын логотиби түшүрүлгөн баннер жана кепка менен желетканы да байкоого болот.

«Аргымакты «жаман» деп,Бууданды кайдан табасың?Агайынды «жаман» деп,Тууганды кайдан табасың?..…Жалпы жылдыз...

Posted by Ахматбек Келдибеков on Saturday, September 19, 2020

Келдибеков шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы менен баратат. Бул партияны мурдагы бажы кызматкери, журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты Райымбек Матраимов менен байланыштырышат.

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Мирлан Бакиров жана талапкери Акматбек Келдибеков

Матраимов Келдибековдун уулунун өкүл атасы. Ал журналисттерге берген интервьюсунда буга «сыймыктанаарын» айткан. Ошондой эле Матраимовду коррупционер деп аташканы менен «укук коргоо органдары муну далилдей элек» деген.

Бул парламенттик шайлоодо депутат Жанар Акаев «Ата-Мекен» партиясын баштап баратат. Аталган партиянын лидери Өмүрбек Текебаев шайлоого катышпай турганын, «жаштарга жол бошотуш керектигин» билдирген.

Келдибековдун саясий карьерасы

Акматбек Келдибеков ар кайсы убакта ар кандай жетекчилик кызматтарда иштеген. Аскар Акаевдин президенттиги учурунда ал Социалдык фондду жетектеп турган. Өлкөнү Курманбек Бакиев башкарып турганда ал салык кызматын жетектеген.

Келдибеков 2010-жылы декабрда Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланып, бул кызматта 2011-жылдын декабрына чейин иштеген. Ал эми 2017-жылы ал президенттик кызматка да талапкерлигин коюп, бирок соттолгондугу жоюла электигинен шайлоо өнөктүгүнө катыша албай калган.

«Клооптун» журналисттери 2016-жылы иликтөө жарыялап, Акматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматованын Болгариядагы жер участогун жана бизнесин табышкан. Келдибеков өзү журналисттердин жүйөөлөрүн «каралоо аракети жана жалаа» деп атаган.