Жээнбеков Аравандагы эки партиянын тарапташтарынын ортосундагы мушташуу боюнча үн катты

Президенттин басма сөз кызматы Сооронбай Жээнбеков Араван районундагы «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларынын тарапташтарынын ортосунда чыккан чырды премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн жолугушууда талкуулаганын билдирди.

Жээнбеков «тиешелүү кызматтар мындай окуялардын алдын алып, кайталанбашына чара көрүүгө тийиш» деп билдирди.

Боронов бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, милиция тарабынан тергөө иштери башталганын өлкө башчысына кабарлады.

Араван районундагы мушташ

20- сентябрь күнү Ош областынын Арван районунда «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларынын тарапташтарынын ортосунда чыр чыккан.

Анда жабыр тарткан 12 адам ооруканага жеткирлип, сурак бериши күтүлүүдө. Ошол эле күнү ИИМ Араван РИИБнин башчысы «коомдук тартипти камсыз кылбагандыгы үчүн» жумуштан алынганын билдирди. Бир катар милиция кызматкерлерине карата тартиптик жоопкерчиликке тартуу чарасы колдонулган.

Алдын-ала берилген маалыматтар боюнча, чырдын келип чыгышына «Мекеним Кыргызстандын» талапкери «Биримдик» партиясынын талапкерине «жалаа жапкандыгы» себеп болгон.

Партиялар окуя болгондон кийин бул факты боюнча тергөө органдарынан бейтарап териштирүүнү талап кылышаарын билдиришти.

«Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстандын» тарапкерлеринин ортосунда чыр-чатак биринчи жолу эле чыгып жаткан жок. Мурдараак Аксыда «Мекеним Кыргызстандын» үгүтчүлөрү «Биримдиктин» үгүтчүсүн сабап, андан өздөрүнүн катарына кошулуусун талап кылышкан.

«Мекеним Кыргызстан» партиясын экс-бажычы жана «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн долларга байланыштуу иликтөөсүнүн фигуранты Райымбек Матраимов менен байланыштырышат. Бул партиядан ошондой эле шайлоого Матраимовдун агасы жана парламенттин учурдагы депутаты Искендер Матраимов аттанууда.

Ал эми «Биримдик» партиясын «бийликчил» деп аташат жана аны президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков менен байланыштырышат.