Кыргызстан менен Орусия эки өлкөнүн ортосундагы авиа каттамдарды көбөйтүү маселесин талкуулашты

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 22-сентябрда өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунда билдиргендей, өкмөттөр Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы авиа каттамдарды акырындык көбөйтүү боюнча маселени талкуулашты.

Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук чек аралар эпидемиологиялык абал жакшырганда ачыларын белгиледи.

«Бардык багыттар боюнча өз ара консультацияларды өткөрдүк, биринчи кезекте соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык кызматташтык багыттары боюнча. Инвестиция, транспорт жана айыл чарбасы боюнча жакшы перспективалар бар», — деп кошумчалады Асрандиев.

21-сентябрдан тарта Орусия Кыргызстан менен болгон авиа каттамдарын жанданткан. Ошондо Орусиянын коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабы учактар Бишкекке жумасына бир жолу учаарын кабарлаган.

Каттамдар ачылгандан кийин «Аэрофлот» компаниясынын сатуу кеңсесинде ажиотаж жаралган — Орусияга учууга билет алгандар жана билетин алмаштырууну каалагандардан узун кезек жаралган. Учурда аларды тизме боюнча киргизип жатышат. Айрымдар өз кезегин бир нече күндөп күтүшүүдө.

Мындан тышкары, билеттердин баасы өсүп кетти. Билет сатып алгандардын айтымында, баалар 25 миңден башталып 130 миңге чейин жетүүдө. Ошол эле учурда, мурда сатылып алынган билетти жаңы ачылган каттамдардын билеттерине алмаштыруу мүмкүн эмес.

Кыргызстан менен аба каттамдар жазында башталган пандемиядан улам токтотулган. Андан бери Кыргызстанга Орусиядан кайткан кыргызстандыктардын учактары гана келип жаткан.

Орусияда жүздөгөн кыргызстандыктар иштейт, алар эки өлкөнүн ортосунда дайыма учак аркылуу каттап турушат. Мындан улам, авиа каттамдар жандангандан кийин ажиотаж жаралып, авиа билеттерге болгон суроо-талап күчөгөн.

Мурдараак, Кыргызстандын коронавируска каршы күрөшүү боюнча башкы штабы COVID-19га карата ПЧР-тести таза чыккан кыргызстандыктар Орусияга уча аларын билдирген.