«Сооронбай Шарипович, лапшаны илгенди токтотуңуз» — АКШда жашаган мурдагы журналист президентке кайрылды

Адилет Айтикеев/Сооронбай Жээнбеков

Америкада жашаган мурдагы кыргызстандык журналист Адилет Айтикеев 22-сентябрда президент Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жасады. Анда ал президенттин шайлоо алдында «добуш сатып алуу фактылары жок болуп жатат» деген сөзүн сындаган.

«Сиз интервьюңузда “эч кандай добуш сатып алуу боюнча арыз түшкөн жок, эгер арыз түшсө чара көрөбүз” дептирсиз. Мунун баары калп, учурда 445 миң адам форма №2 толтуруптур. Бул деген Талас, Нарын облустары жана Ош шаарынын биргелешкен шайлоочуларынын саны. Ушунча сатып алуу болсо, эртең кандай чыр чыгат билесизби?» — деп суроо салган ал.

Ошондой эле ал, президентке «кошоматчыларына» ишенбөөсүн сунуштап, элдин тагдырын ойлошу керектигин айткан.

«Сиз Раим миллионго окшогондорго да ишенбеңиз. Анткени эртең бир нерсе болсо анын акчасы көп, Дубайга качып кетет. А сиз акчаңыз жок каякка качасыз? Ошону ойлондуңузбу? Ушундай башкарууну уланта берсеңиз, эртеңки күнү эл аралык трибуналга да барып калышыңыз мүмкүн. Келечек үчүн мыйзамдуу иштеңиз, мындай лапшаны илгенди токтотуңуз урматтуу президент», — деген Айтикеев.

Раим миллион — Райымбек Матраимов бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары, Kloop, OCCRP жана Азаттык радиосу бажыдагы аткезчилик жана коррупция тууралуу даярдаган бир катар иликтөөлөрдүн фигуранты. Коомчулукта Жээнбековдун президенттик кампаниясын Матраимов каржылаган деген кептер айтылып жүрөт. Учурда Райымбек Матраимовго байланышы бар делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы да парламенттик шайлоого катышууда. Ал эми президенттин иниси, депутат Асылбек Жээнбеков «бийликчил» делген «Биримдик» партиясы менен шайлоого баратат.

Айтикеев кыргызстандагы «Искра» гезитинин мурдагы редактору. Аны 2014-жылда «жалган маалымат бергени» үчүн мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев сотко берген. Мындан улам ал Норвегиядан саясий башпаанек сурап, бирок ала алган эмес.

Кийинчерээк Текебаев доосунан баш тарткан, ал эми Айтикеев Америкага көчүп кеткен. Муну ал мурдагы президент Атамбаевдин башкаруусу учурунда куугунтукталгандыгы үчүн АКШдан качкын макамын күтүп жатып, бирок Грин-карт утуп алгандыгы менен түшүндүргөн.

Форма №2 жана добуш сатып алуулар

Президент 19-сентябрда «Биринчи радиого» берген маегинде добуш сатып алуулар боюнча факт жок болуп жатканын айткан.

«Эл арасында “ушул партия ушинтип жатыптыр, бул партия сатып атыптыр” деп айтышат, ал сөздөрдү мен угуп жатам. Органдар иштеп жатат, бирок ушул боюнча кайрылган факт жок», — деген ал.

Шайлоого өнөктүгү башталгандан тартып массалык маалымат каражаттарында добуш сатып алууга аракет жасоо учурлары боюнча бир катар макалалар жарык көргөн.

Мисалы шайлоочулардын бири 24.kg басыламасынын журналистине

«Мекеним Кыргызстанга» добуш берүүсү үчүн ага 4 миң сом сунуштап жатышканын билдирген.

Ал эми дагы бир шайлоочу «Биримдик» партиясынан акча алганын «Клоопко» айтып берген. Ал добушту сатып алуу тууралуу алдын ала сүйлөшүлөөрүн, шайлоочу участокко келгенде, ал жакта аны бир адам тосуп алып, бүт процедуралардан өтүүсүн тескеп тураарын маалымдаган.

Эки партия тең бул сыяктуу билдирүүлөрдү каралоо деп атап, четке кагып келет.

Башкы прокуратура шайлоо алдында 22 бузуу фактысын аныктап, анын 21ин ички иштер органдарына тапшырган. Бузуу фактыларын шайлоо документтерин жасалмалоо, кыянаттык менен административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларды сатып алууга байланыштуу материалдар түзөт.

Ошондой эле парламентке ат салышып жаткандар №2 формасын колдонушат. Алар кайсы бир аймакта же шаарда анчейин белгилүү эмес болсо, шайлоо участогун алмаштыруу партияга аталган аймак же шаардан 0,7% босогосунан өтүү үчүн керектүү санда добуш алууга мүмкүндүк берет.

Партия аймактардан колдоочуларын таап, аларды колдоосу жок болуп жаткан аймакка которот. Бул үчүн шайлоочуга белгиленген суммада акча төлөп берет — бул түздөн-түз добуш сатып алууга кирет.

Кыргызстанда үгүт иштери расмий баштала электе эле жарандарды №2 формасы менен жапырт каттоо башталган. 21-сентябрга карата алардын саны 445 000ге жеткен.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт, ага 16 партия ат салышууда. Ал эми үгүт иштери 3-октябрда аяктайт.