Кара-Суунун акими Тилек Матраимов шайлоо алдында эмгек өргүүгө чыкты

Тилек Матраимов

Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов парламенттик шайлоо алдында бир айлык эмгек өргүүгө чыкты. Маалыматты өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов тастыктады.

Матраимов өзү «Турмуш» басылмасына өргүү алганын ырастаган. Анын себебин ден соолугуна байланыштырууда. «24-сентябрда дарылануу үчүн эс алууга чыктым. Иштен кеткен жокмун», — деген ал.

Матраимов аталган районду сегиз жылдан бери жетектеп келет. Ал Кыргызстандагы эң таасирлүү клан деп саналган ага-ини Матраимовдордун бири.

Анын агасы Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин депутаты — учурда аталган кланга тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанган.

Тилек Матраимовдун дагы бир агасы Райымбек Матраимов бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары — Kloop, OCCRP жана «Азаттык» радиосу бажыдагы аткезчилик жана коррупция тууралуу даярдаган бир катар иликтөөлөрдүн фигуранты.

Коомчулукта Матраимовдорго байланышы бар делген партия менен «бийликчил» деп саналган «Биримдик» партиясы эң башкы атааңдаштар деп айтылып келет. Эки партиянын тарапташтарынын ортосунда облустун Араван районунда массалык мушташ да чыгып, жабыркагандар партиялардын тиреши мурдатан бар болгонун белгилешкен.

Ошондой эле буга чейин соцтармактарда видео тарап, анда чогулган шайлоочуларга кайрылган киши «Биримдик» «бийликчил» экенин айтып, депутат Асылбек Жээнбеков шайлоо бүткөнчө Кара-Сууда болоорун белгилеген.

Асылбек Жээнбеков — президент Сооронбай Жээнбековдун иниси, ал «Биримдик» партиясы менен шайлоого аттанган.

«Кара-Суу өтө “важный” болгону үчүн, элди ушундай бир “басмырлап” турган район болгону үчүн Асылбек Шарипович өзү жеке ушул жерге келип, шайлоо бүткүчө ушул Кара-Сууда отурат. Биз бийликтин партиясыбыз. Биз кудайдан коркобуз, башка эч кимден коркпойбуз», — деген ал.

«Биримдик» партиясынан аталган видеого байланыштуу комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Аталган райондо 440 миңден ашуун калк жашайт — бул Талас жана Нарын облустарынын калкынын санынан да көп, дээрлик Ысык-Көл облусунун калкы менен барабар.