«Ыңгайсыздык жаратуу». Сапар Исаков башка колонияга которулду

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Молдовановка айылындагы №27 колонияга которулду. Бул тууралуу «Клоопко» анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Исаков буга чейин Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан. Жоошев мурдагы өкмөт башчысы эмне үчүн которулганы тууралуу так маалымат жок экенин билдирди.

«Азырынча ЖАМК бизге так маалымат бере элек. Менин божомолум боюнча мындай аракеттер Сапар Исаковго ыңгайсыздык жаратуу үчүн жасалышы мүмкүн. Анткени Исаков Петровкадагы колонияга көнүп калган болчу. Колония бул соттолгон адамдар жашай турчу жер да», — деди ал.

Жоошев ошондой эле Исаков учурда карантинде экенин жана мындай шартта дагы 10 күн болорун кошумчалады.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан Сапар Исаковдун эмнеге которулганын тактоо боюнча аракетибизден майнап чыккан жок.

Исаков Тарых музейиндеги коррупция, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды оңдоого коротулган каражаттар боюнча соттолуп жатат.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча иш Жогорку сотто каралып, шаардык соттун өкүмү күчүндө калтырылган. Ал эми Тарых музейиндеги коррупция боюнча шаардык соттун өкүмү күчүнө кирген.

Жоошев жогорудагы үч иш боюнча Исаковго жалпысынан 18 жыл берилгенин белгиледи.

Сапар Исаков өзүнө коюлган айыптоолор менен макул эместигин айтып, тергөөчүлөрдүн жүйөөлөрүн сандырак деп белгилеген. Ал эми козголгон кылмыш ишин «Сооронбай Жээнбековдун жеке өч алуусу» деп атап келет.