COVID-19: Баткенде коопсуздук чаралары күчөтүлүп, чектөө киргизилди

Баткен облусунда эпидемиологиялык кырдаал курчугандыктан жергиликтүү штаб бир катар чектөөлөрдү киргизиди. Бул тууралуу 28-сентябрда Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-сентябрдан тарта Баткен облусунда:

  • облустар жана райондор аралык, ошондой эле райондук, шаардык ички коомдук транспорттордун каттамы убактылуу токтотулду;
  • мал базарлардын иши убактылуу токтотулду;
  • мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окуу убактылуу токтотулду, күндөлүк беш убак жана жума намаздарын үй шартында окуу сунушталат;
  • облуска катуу көзөмөлдөгү беткап режими киргизилди.

Мындан сырткары, Баткен облусунун аймагына Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары акыркы үч күндө алынган ПЦР-анализинин терс жыйынтыгы менен киргизилет.

Ошондой эле базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда жана коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жүргүзүлүп, дезинфекциялоо иштери күчөтүлөт.

«Шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүүдө, партиялардын санитардык эрежелерди, маска режимин, социалдык аралыкты сактоону көзөмөлдөөнү күчөтүү, ал эми белгиленген талаптарды бузгандарга чара көрүү тапшырмасы берилди», — деп жазылат Республикалык штабдын билдирүүсүндө.

Акыркы күндөрү Баткен облусунда коронавирусту жуктуруп алган кишилердин саны кескин өстү. Бүгүнкү күндө облуста расмий түрдө 2 956 бейтаптан COVID-19 аныкталган.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирус 46 355 кишиден аныкталып, анын 42 619у илдеттен айыкты. Оору 1064 адамдын өмүрүн алды.