БШК «Реформанын» талапкерин үгүт тасмасына уулу тартылганы үчүн 7,5 миң сом айыпка жыкты

БШКнын басма сөз кызматы «Реформа» партиясынын депутаттыкка талапкери Акжолтой Тукунов үгүт тасмасында баласы тартылганы үчүн 7 500 сом айыпка жыгылганын кабарлады. Видеодо талапкердин уулу «Реформа» партиясына арналган ыр саптарын окуган. Видеонун өзү талапкердин Инстаграмдагы жеке баракчасында «Реформа» партиясын белгилөө менен жарык көргөн.

Тукунов болсо Боршайкомдун отурумунда видеону жарыялабагандыгын билдирди. Бирок, комиссия мүчөлөрүнүн көбү талапкерге айыппул салууну чечкен.

Ошол эле кезде «Реформанын» ыйгарым укуктуу өкүлү БШКнын чечиминин үстүнөн сотто даттанаарын билдирди. Партиянын өзүнө эч кандай жаза чарасы көрүлгөн жок.

Мындан тышкары, Боршайкомдун мүчөсү Атыр Абдрахматова фейсбук барагында билдиргендей, үгүт роликтеринде балдарды колдонгон башка партиялардын талапкерлери дагы БШКнын мүчөлөрүнө түшүндүрмө берүүгө даярданышы керек.

«БШК көпчүлүк добуш менен үй тасмасында үгүт кылган “Реформанын” талапкеринин уулу — бул бузуу экенин чечип, талапкерге штраф чыгарды», — деп жазган Абдрахматова.

Ошондой эле ал «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Элнура Алкановага да кайрылды. Алканова бир нече күн мурда эле баласы тартылган видеону жарыялаган.

Алканова чыгарган видеодо талапкер өзү, өз үй-бүлөсү жана ата-энелери жөнүндө айтып берген.

Видеонун комментарийинде кызуу талкуу башталып, ал жакка БШКнын да мүчөлөрү катышкан.

Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева мыйзам балдарды үгүт максатында колдонууга тыюу салаарын жазды.

БШК балдардын сүрөтүн үгүт материалдарда колдонгон партияларды биринчи эле жолу жазалап жаткан жок. Мисалы, Боршайком «Кыргызстандын» 50 миң сом сүйүнчү тууралуу үгүт баннерине реакция жасаган. Ал баннерге кичинекей баланын сүрөтү коюлган болчу.

Анда комиссия «Кыргызстанга» эскертүү берген эмес, бирок партия баланын сүрөтү тартылган баннерлеринин баарын чечип салууга аргасыз болгон.