Милиция «Биримдиктин» талапкери тарабынан сатып алуу болду делген ишти карай элек, БШК нааразы

Боршайкомдун мүчөлөрү 28-сентябрда Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы «Биримдик» партиясынын талапкерине добуш сатып алуу болгону мүмкүндүгү тууралуу маселени карады.

30-августта соцтармактарда Чет-Нура айылында айыл өкмөт башчысы Азамат Мусурканов тургундарды «Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасовго добуш берүүгө үндөп атканы тартылган видео тараган. Айыл өкмөт башчысынын айтымында, Бакасов, эгер колдоого алына турган болсо 500 миң сом берүүнү абада кылган. Видео укук коргоо органдарына жиберилген.

Боршайкомдун отурумунда ИИМдин өкүлү бул иш азырынча карала элек экендигин, анткени тергөө видеону текшерип жатканын билдирди.

БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров ИИМ иштин каралашын «созуп» жатат деп эсептейт. Анын айтымында, шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык, иш беш күндүн ичинде каралышы керек болчу.

Анын кесиптеши Кайрат Осмоналиев милиция, эгер ага керек болсо иштин бетин бир күндө ачып коёт деп айтты.

«Ойдон чыгарылган шылтоо боюнча сурактарга чакырасыңар, а бул жерде бир айдан бери карай албай жатасыңар. Резинаны чоюп жатасыңар. Мындан тышкары, сиз партиянын атын атай албай жатасыз. Коркуп жатасыңарбы? Сиз муну менен бийликке начар кызмат кылып жатасыз», — деп келтирет Осмоналиевдин айткандарын Kaktus.Media басылмасы.

БШКнын башка мүчөлөрү Башкы прокуратурага арыз берип, бул ишти иликтөөнүн создуктуруп аткан ИИМдин кызматкерин кызматынан бошотуу маселесин коюуну сунушташты.

«Биримдик» партиясынын өкүлү бул иш боюнча Нарындагы айыл өкмөтүнүн башчысына доо арыз берилип, ал боюнча бир сот жыйыны өткөнүн кабарлады. Кийинкиси 13-октябрда өтөт.

«Бул Бакасов менен Мусуркановдун ортосундагы жеке маселе. Партияга эскертүү берүү мыйзамсыз», — деди ал.

Жыйынтыгында, Боршайком шайлоо маалында ишти кароо мөөнөтүн бузгандыгы үчүн ИИМдин жетекчилигинин жоопкерчилиги тууралуу маселени өкмөткө жөнөтүүнү чечти.

БШКнын тогуз мүчөсү «Биримдик» партиясына комиссияны сот процесси тууралуу кабардар кылбай койгону үчүн эскертүү чыгарууга каршы добуш беришти.

Августтун аягында Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Мусурканов жергиликтүү тургундардан келерки парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынан талапкер Улан Бакасовду колдоп берүүнү суранган видеосу тараган.

«Билесиздер да Улан Бакасов дегенди — биздин Ак-Кулундунун тургуну. 1984-жылкы бала. Кылган эмгектерин көбүңүздөр уксаңыздар керек. Нарындагы жанагы футболдук стадионду өзү жасап берди [...] “Мен бийлик менен сүйлөшсөм силер үчүн эч кандай жумуш жасай албайт экенмин. Эми баарың колдоп бергиле, кийинчерээк дагы иш алып барабыз, жумушту бүтүрүп берейин” деп жатат да. Анан биз сүйлөштүк, соодалаштык, ал айтты: “500 миң сом накталай акча алып келемин” деди Улан. Комбайн алабыз дедим да, ошого “500 миң сом накталай алып келемин” деди», — деген Мусурканов.

Мусурканов тургундарга эки күндүн ичинде жооп бергүүгө чакырган. Ошондой эле 300 кишиден кем эмес добуш алыш керек деп белгилеген. Андан кийин тасмага бирөө жарым тартып жатканын байкап калып, өчүрүүнү суранган.