Таласта тойкана ээлери нааразылык билдирип мэриянын алдына чогулушту

Сүрөт: Айгерим Акылбекова

29-сентябрда Талас шаарынын ондон ашуун ишкерлери шаардык мэриянын алдына чогулуп, тойлорго болгон чектөөлөргө нааразылык билдиришти.

«Азаттык» басылмасы кабарлагандай, нааразылык акциясына чыккандар чектөөлөргө байланыштуу жумушсуз калганын айтышкан. Ошондой эле, алар параменттик шайлоого карата үгүт иш-чаралары өтүп, бирок тойлорго чектөөлөр коюлганын айтып даттанышты.

Ишкерлер мэриянын алдында «Биз иштегибиз келет» деген жазууларды кармап турушкан, бирок мэриядан алар менен жолугушууга эч ким чыккан эмес.

Буга чейин 10-августта Ош шаарындагы тойканалардын ээлери да Султан Ибраимов атындагы драм театрынын алдына чогулуп, журналисттерге нааразылыктарын билдирмек болушкан. Тойканалардын ээлери салыктан бошотууну жана ишин жандантууну талап кылышмак.

Бирок тойкана ээлеринин баары чогулганга чейин эле белгисиз он чакты киши келип, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Андан кийин чогулгандар журналисттерге интервью берүүдөн баш тартып, таркап кетишкен.

Ошондой эле, ишкерлер сүйлөшүүгө келгендерди тааныбай тургандыгын айтышып, бирок «атайын органдагылар» деп божомолдошкон. Ал эми белгисиз кишилер журналисттерге интервью берүүнү каалашкан эмес, алардын айрымдары өздөрүн мэрия кызматкерибиз дешсе, көпчүлүгү өзүн тааныштыруудан баш тартышкан.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу тойканаларга той-аш өткөрүүгө, эл көп катышуучу иш-чараларга тыюу салынган. Мындай талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынаары белгиленген.

Анткен менен көпчүлүк тойканаларда маарекелер өткөрүлүп келет. Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан «Баястан» ресторанында кыз-узатуу тою өтүп, ЖМКлар ага Ош шаардык кеңешинин депутаттары да катышканын жазышкан. Бул көрүнүш коомчулукта нааразычылык жаратып, көпчүлүк тартипти аткаминерлер өздөрү бузуп жатканын сынга алышкан.

Аталган ресторандын ээсине маареке өткөрүүгө жол бергени үчүн 13 миң сом айыппул салынган. «Баястан» тойканасында ага чейин да карантиндик чектөөлөргө карабай тойлор токтотулган эмес болчу. Ош ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлагандай, аталган тойканада дагы эреже бузуу катталса ишмердүүлүк укугу чектелет. Ал эми бул үчүн эң катаал жаза — 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.