Жээнбеков Путинге шайлоо алдында эгемендикке кол салган ар кандай күчтөр жанданганын айтып берди

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин жолукту.

«Парламенттик шайлоонун алдында өлкөбүздүн туруктуулугуна жана өнүгүшүнө каршы чыккан ар кандай күчтөр жанданды. Ал тургай, алар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө [кол салууга] аракет кылып, биздин союздук мамилебизге, стратегиялык өнөктөштүгүбүзгө жик салып жатышат. Албетте, биз буга жол бербейбиз, алардын иши оңунан чыкпайт», — деди Жээнбеков.

Жээнбековдун айтымында, Кыргызстан «Орусия менен болгон тарыхый достук мамилесин баалайт».

Путин кыргыз президентинин айткандарына жооп кылып, Орусия коңшу жана башка өлкөлөрдүн ички иштерине эч качан кийлигишпесин айтты.

«Бирок биз кырдаалды турукташтырууга, бардык саясий күчтөрдүн ортосундагы толук кандуу диалогуна багытталган аракеттерди колдойбуз, дайыма учурдагы бийликтин кырдаалды турукташтырууга кылган аракетин колдойбуз жана өзүбүздү Кыргызстанга карата ушундай ырааттуу түрдө алып жүрөбүз», — деди Путин жолугушууда.

Ошол эле учурда, Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Путин «Орусия ар бир көз карандысыз өлкөнүн эгемендүүлүгүн урматтайт» деп билдирди. Бирок, Кремлдин стенограммасында мындай сөздөр болгон эмес.

Жээнбековдун өлкөнүн эгемендүүлүгүнө кол салуу тууралуу билдирүүсү «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловдун сөздөрүнө байланыштуу жаңжалдын шартында айтылды. Мурдараак соцтармактарда Аманкуловдун Кыргызстан Орусия менен интеграция болушу керек, анткени «Биримдик» партиясынын «идеологиясы» — евразиячыл деп айткан видеосу тараган.

«Партиябыздын идеологиясы — бул евразиячыл. Биз ошол жакка умтулабыз. Биздин 30 жылдык көз карандысыздыгыбыз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү», — деп саясатчы кимдир бирөөгө айтып күлгөн.

Аманкуловдун сөзү коомдо кызуу талкуу жаратып, натыйжада Бишкекте Кыргызстандын эгемендүүлүгүн колдогон тынчтык маршы өткөн.

Бул Жээнбеков менен Путиндин коронавирус пандемиясы башталган учурдан берки алгачкы жолугушуусу.