Ошто балдарга «Биримдик» партиясынын логотиби бар шарлар таратылды

30-сентябрда Ош шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев жана Михаил Ломоносов атындагы мектебинин алдында окуучуларга «Биримдиктин» логотиби бар шарлар таратылды. Бул тууралуу фейсбукта «Реформа» партиясынан депутаттыкка талапкер Мирбек Маматкасымов жарыялады.

«Админресурстун күчүн кара! 7 жаштагы балдарды шайлоого аралаштырганы болбойт го! Эгемендүүлүккө каршы сүйлөгөнү үчүн четтетилбеген партия, шариктер үчүн четтетилмек беле? Кимде-ким муну кара пиар десе, мен тергөө органдарына күбөлөрдү жолуктурууга даярмын. Көрсөтмө беришет. Камераларга да түшүп калган баары», — деп жазды ал.

«Биримдик» партиясынын Оштогу өкүлү Медер Абдыманапов мындай шарлар таркатылганын «Клоопко» тастыктады. Ошондой эле, ал шарлар бир гана окуучуларга же жаш балдарга эмес, жалпы калаа тургундарына таркатылганын кошумчалады.

«Шаар тургундарына “Биримдиктин” логотиби менен шарларды таратуу демилгесин партиянын “Жаштар канатынын” мүчөлөрү көтөрүп чыгышкан, “Биримдик” партиясынын мүчөлөрү тараткан эмес. Алар бизге ушундай сунуш менен кайрылган, биз макул болгонбуз. Бул тургундардын маанайын көтөрүү максатында жасалган иш-чара», — деди Абдыманапов.

Мындан сырткары ал Маматкасымовдун «админресурсту колдонуу» деген пикирине кошулбастыгын билдирди. Анын айтымында, «Жаштар канаты» мектептин имаратына кирип, шарларды мугалимдерге берген эмес.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева бул аракет мыйзамга каршы келерин белгиледи.

«Бул жагдайды териштирүү керек. Анткени партиянын мүчөлөрү өздөрү таратса анда бул мыйзам бузуу болуп эсептелет. Эгер бул боюнча билдирүү түшсө, БШКнын жумушчу тобу атайын жыйында карап, факт тастыкталса анда партияга айып пул салынып, же эскертүү берилиши мүмкүн», — деди Журабаева.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, үгүттөө учурунда жашы жете элек балдарды пайдаланууга жана алардын сүрөттөрдүн колдонууга тыюу салынат.

Буга чейин «Кыргызстан» партиясы да баннерлеринде жаш баланын сүрөтүн колдонгондугу үчүн БШКдан эскертүү алган. Ал эми 14-сентябрда партия бардык баннерлериди алып салууга мажбур болгон.