«Ыйман Нуру» партиясынын лидери: Судьялар Куранга же Библияга колун коюп ант бериши керек

«Ыйман Нуру» партиясынын тең төрагасы Нуржигит Кадырбеков КТРКнын 30-сентябрындагы дебатында судьялар таза иштеши үчүн Конституцияга эмес, диний ишенимине карата Куранга же Библияга колун коюп ант береши керек деген оюн билдирди.

Мындай сунушту ал Конституцияны Кыргызстанда бир дагы бийлик өкүлү сыйлабайт деп негиздеди.

«Конституцияга колун коюп ант берип жатышат. Конституцияны эч ким сыйлабайт. Бир да бийликтин өкүлү сыйлабайт ачыгын айтайын. Ошондуктан “Кыргызстандын” өкүлү туура эле айтып жатат. Биз светтик деп эле бир жолу алыстап кеттик. Америкада “Кудай Американы колдо” деп долларда жазылып турат. Экинчиден президенти да, депутаттары да, сенаторлору да же Библияга же Куранга, диний ишенимине карата колун коюп ант берет. Ошон үчүн сотторго ушуну кылсак, балким…», — деди Кадырбеков.

Кадырбеков талапкер болгонго чейин Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп турган. Ага чейин «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондусунун төрагасы катары төрт жыл эмгектенген.

Өткөн жылы депутат Жанар Акаев парламентте Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиядан «Ыйман» фондуна 5 млн доллар сураганын айтып сынга алган.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул каражат «Ыйман» фондунун 2019-2022-жылдары Кыргызстандагы диний кырдаалды изилдөө, медреседеги диний билим берүүнү реформалоо боюнча долбоорлорго бөлүнө турган түрк грантынын экинчи траншы деп түшүндүрүшкөн.

«Ыйман» фонду 2014-жылдын башында, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен мамлекеттин дин саясатын жүргүзүүгө көмөк көрсөтө турган уюм катары уюштурулуп, имамдарга колдоо көрсөтүү максатында стипендия бериле баштаган.

Фонд ачылган учурда Түркия мамлекети алгач 10 миллион долларлык каражат берүүгө убада бергени кабарланган. Бирок «Азаттыктын» журналисти фондго кайрылып каржы отчетторун ала алган эмес.