Жалал-Абадда 2,5 жашар бала кумга жыгылып аба жетпей чарчап калды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад шаарынын Тилек айыл аймагындагы үйлөрдүн биринде 2 жаштагы бала эшигинин алдындагы кумга жыгылып, думчугуп, чарчап калды. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасына жергиликтүү тургундар билдирди.

Окуя 29-сентябрда күндүзү болгон. Үйдүн 45 жаштагы ээси дарбаза жабылбашы үчүн тиреп койгон жыгач такта кокусунан кулап, ошол жерде ойноп жаткан 2,5 жашар баласын басып калган.

«Жаш бала бети менен жерде төгүлүп турган кумга жыгылып, думчугуп, өзүн жоготуп койгондуктан Жалал-Абад облустук ооруканасына алып келгенде дарыгерлер баласы чарчап калгандыгын билдиришкен», — деп билдирди Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы «Клоопко».

Ошондой эле милициядан чарчап калган баланын ата-энеси эч кимге доосу жокутугун айтып, алар соттук-медициналык экспертизадан баш тартышканын билдиришти.

Жылдын башында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 8-класста окуган өспүрүм кыз катуу ылдамдыкта чана тээп баратып даракты сүзүп каза болгон. Анда кыздын туугандары бул окуя «кокустук» болгонун билдиришип, соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан.