Баткенде кичи автобусту чимирилтип айдап, кишини сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө

Социалдык тармактарга айдоочунун «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү кичи автобусту чимирилтип айдап бир кишини сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен видео тарады.

Көп өтпөй бул окуя Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мындан бир апта мурун болгону белгилүү болду. Жабыркаган 28 жаштагы жаран аймактык ооруканада дарыланып жатат, ал эми айдоочу изделүүдө.

«Автоунаанын ээсинин ким экени такталды. Ал Кадамжай районунун 1992-жылы туулган тургуну болуп чыкты. Аны кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө. Ал эми жараат алган жаранга тийиштүү экспертизалар дайындалган», — деп жазылат Баткен ОИИБдин билдирүүсүндө.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» жана «Ээнбаштык» беренелери менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын январында Чүй облусунун Аламүдүн районунда 27 жаштагы кишини сүзүп, изин жашырып кеткен айдоочу кармалган. Кырсык катталган учурда айдоочу мас абалында болгону аныкталган. Ал эми жабырлануучу алган жарааттарынан улам каза тапкан.