Боронов кыргызстандыктардын бажыга болгон ишенимин кайтарууну убада кылды

Премьер-министр Кубатбек Боронов Мамлекеттик бажы кызматы тазараарын билдирди: «мурда жарандардын бажы кызматына ишенбөөчүлүгүн пайда кылган нерселер» четтетилет. Бул тууралуу Боронов өкмөттүн отурумунда айтты. Ал отурумуда 2021-жылга республикалык бюджет тууралуу мыйзам долбоору талкууланган.

Анын айтымында, бажы жана салык кызматтары 2021-жылы реформаланат. Боронов таңсык бюджеттин киреше бөлүгүн бажы алымдарынын эсебинен көбөйтүүнү пландоодо.

Ал бажыда компьютерлештирилген ASYCUDA башкаруу тутуму киргизилээрин айтты. Мындай тутумду 90 ашуун өлкө, ал эми постсоветтик өлкөлөрдө Грузия жана Казакстан пайдаланат.

«Дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бажы тутумундагы тажрыйбаларды эске алуу менен биз бажы постторунда да көп функционалдуу ASYCUDA программасын ишке киргизүүнү чечтик. Программа бюджеттин киреше бөлүгүнүн жана анын толукталышынын ачыктыгын камсыздайт. Мурда жарандардын бажы кызматына ишенбөөчүлүгүн пайда кылган нерселер четтетилет», — деди аткаминер.

Салык кызматында фискализациянын процесстерин санариптештирүү улантылат. Ага электрондук эсеп-фактуралары, май куюучу станциялардагы автоматташтырылган тутумдар, виртуалдык ККМ, электрондук коштомо документтер, эркин посттор программасы кирет.

«Бул аракеттер мамлекеттик органдардын ишине жана бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга гана жардам бербестен, ишкерлердин ишин да жеңилдетет. Бул чаралар 2020-жылкы пандемия шартында да оңдуу жыйынтыктарын берди. Мисалга, Салык кызматы ай сайын планды 1 млрд сомго чейин аткарууда», — деди Боронов.

Кыргыз бажысы аркылуу аткезчилик

Эл аралык тажрыйба ASYCUDA бийликтин саясий колдоосу жана алардын бажынын ачык-айкын болушуна жактоосу болсо жок дээрлик пайдасыз экенин көрсөтүп турат. Ал эми кыргыз бийлиги бажыдагы коррупция жана аткезчиликти этибарга албай жатканын көрсөтүп койгон. Бажы кызматы дайыма ачык-айкын иштебегени үчүн сынга алынып келет.

2019-жылдын май айында «Азаттык» Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткени жана буга Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу иликтөө чыгарган. Кийинчерээк Матраимовдор каражаттардын чыгарылып кетишине тиешелери жоктугун айтып чыгышкан. Ал эми финпол журналисттер келтирген жүйөлөрдү текшерип, чет өлкөдө Матраимовдордун мүлкү табылбаганын билдирген.

2019-жылы күзүндө OCCRP, «Азаттык» жана Kloop «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу журналисттик иликтөөсүн чыгарып, кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын таасирлүү кыргыз аткаминери Райымбек Матраимов менен болгон байланышы жөнүндө айтып беришкен.

Журналисттердин маалыматчысы — Айэркен Саймаити — өлкөдөн 700 млн долларды мыйзамсыз чыгарып кеткенин мойнуна алып, чырмалышкан коррупциялык түйүн мурда бажы башчынын орун басары болуп турган Райымбек Матраимовдун жардамы менен түзүлгөнүн билдирген. Саймаити иликтөө чыгаарына 11 күн калганда Стамбулда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Ал Абдукадыр менен мамилеси бузулгандан кийин акыркы жылдары Стамбулда жашап жаткан.

Бирок, мында дагы Кыргызстан менен Кытайдын тийиштүү органдары бул маалыматка көңүл бурушкан жок. «Социал-демократтар» партиясынан 7-чакырылышына талапкер Кадыр Атамбаев жакында чыккан видеосунда айтып бергендей, андагы маалымат боюнча, Жээнбековдордун кланы Матраимовдордун кланы менен бирге республикадагы бажыны көзөмөлдөйт.

Кадыртын атасы (Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев) да мураскери Сооронбай Жээнбековдун Матраимовдор менен «достугу» бар экенин айтып жүргөн. Алмазбек Атамбаев учурда бир нече кылмыш иштери боюнча айыпталуучу катары камакта кармалууда.