Кадыр Атамбаев: «Жээнбековдордун кланы бүгүн Матраимовдор менен бирге бажыны көзөмөлдөөдө»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу, «Социал-демократтар» партиясынан талапкер Кадыр Атамбаевдин «Апрель» телеканалында иликтөөсү жарыяланды. Анда учурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун туугандары Башкы прокуратура жана Бажы кызматында иштеп жатканын айтылат.

Кадыр Атамбаев: ВОТ ВАМ ФАКТЫ, ГОСПОДИН ПРЕЗИДЕНТ

ВОТ ВАМ ФАКТЫ, ГОСПОДИН ПРЕЗИДЕНТКадыр Атамбаев: "Как говорил Авраам Линкольн, можно всё время дурачить некоторых, можно некоторое время дурачить всех, но нельзя все время дурачить всех. Вы одурачили Алмазбека Атамбаева, но дурачить весь народ у вас не получится. Вы все время просите факты - вот вам факты!"Как далеко запустили свои щупальца кланы Жээнбековых и Матраимовых в структуры власти? Смотрите видео.

Posted by Телеканал «Апрель» on Monday, September 28, 2020

«Урматтуу кыргызстандыктар! “Азаттыктын” резонанстуу иликтөөсү бизди бажыдагы коррупциялык схеманы чечүүгө шыктандырды. Биз фактыларды таап, бажыдагы маанилүү кызматтарды Жээнбековдун туугандары ээлегенин аныктадык», — деп баштайт Атамбаев иликтөөсүн.

Исаковдун ишин Жээнбековдун жээни алып барууда

Кадыр Атамбаев экс-премьер-министр Сапар Исаковго байланыштуу Тарых музейди реконструкциялоо тууралуу ишке кайрылды. Атамбаевдин айтымында, Исаковдун ишин Арстанбек Боромбаев аттуу Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы алып барган.

*Бишкектеги Тарых музейи 2016-жылы реконструкцияга жабылып, анын жүрүшүн Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттик администрациянын башчысынын орун басары болуп турган Сапар Исаков тескеген. 2018-жылы май айында депутаттар реконструкцияланган музейге барып, имарат тендерсиз жана долбоордук-сметалык документтерсиз оңдоп-түзөлгөнүн айтып чыккан. УКМК бул ишти текшерип, анын натыйжасында Сапар Исаков жана президент аппаратынын жарандык өнүктүрүү бөлүмүнүн экс-башчысы Мира Карыбаевага «Коррупция» беренеси менен айып тагылган. Биринчи май райондук соту Исаковду күнөлүү деп табып, экс-премьер-министрди 18 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле Исаковго 247 млн 650 миң сом мамлекетке төлөп берүүсү милдеттендирилген. Ал эми Карыбаева 260 миң сомдук айып пулга жыгылган. Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Атамбаевдин айтымында, Арстанбек Боромбаев тарых музейиндеги коррупцияны иликтеген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитенине кат жөнөтүп, «бул иш республиканын жетекчилигинин көзөмөлүндө турганын» билдирген. Ошондой эле Боромбаев бул иш боюнча маалымат Сооронбай Жээнбеков жетектеген Коопсуздук кеңешине жеткирилээрин билдирген. Ал эми Сапар Исаков ага тагылган айыптар «мыйзамдуу жана анык болгондо алар [Башкы прокуратура] президентке даттанмакпы?» деп сурооо салган.

Атамбаевдин айтымында, Арстанбек Боромбаев президент Сооронбай Жээнбековдун жээни. Прокурордун апасы, Алтынбүбү Жээнбекова, өлкө башчынын бир тууган эжеси, ал эми анын атасы Асан Боромбаев — Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун жетекчиси.

«Түшүнүп жатасыңарбы? Сапар Исаковго каршы айыптоолорду Жээнбековдун эжесинин уулу даярдаган», — деди Атамбаев.

Мындан сырткары Атамбаев прокурор аэропорттогу аткезчилик боюнча ишти жетектеп келгенин кошумчалаган.

«Айыл Банктын» филиалын жетектеген Теңиз Шарипов

Атамбаев Арстанбек Боромбаевдин фейсбук баракчасына жүктөлгөн сүрөттө Теңиз Шарипов аттуу колдонуучу комментарий калтырганына да көңүл бурду — анын айтымында, ал өлкө башчынын бир тууганы Жусупжан Шариповдун уулу. Ал эми Теңиз Шариповдун фейсбук баракчасында ал «бийликчил» делген «Биримдик» партиясын колдогонун көрүүгө болот.

Ошондой эле Шарипов «Айыл Банктын» Бишкектеги филиалдарынын бирин жетектейт. Мындан сырткары, Шарипов «Лабун Козу» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Аталган компанияны аны менен бирге негиздеген Жакыпбек Байымбетов УКМКнын төрага орун басары кызматынан июнь айында «саламаттыгына байланыштуу» боштулган.

Бажыда иштеген Жээнбековдун дагы бир жээни

Кадыр Атамбаедин айтымында, Алтынбүбү Жээнбекованын экинчи уулу Рустамбек Боромбаев Түштүк-батыш бажысынын башчысынын орун басары кызматын ээлейт. Буга чейин ал башкармалыкты Райымбек Матраимов жетектеп, ал эми анын орун басары болуп бажынын учурдагы төрагасы Алтынбек Торутаев иштеген.

Ал эми Түштүк-батыш бажы башкармалыгынын жетекчиси Абдывахап Боронбаев президент Сооронбай Жээнбековдун айылдашы болгону да айтылган. Бирок Боронбаев катталган Телман айылы Сарай айыл аймагына караштуу — ал Ош облусунун Кара-Суу районунда. Ал эми өлкө башчы Кара-Кулжа районунан болот.

«Башкача айтканда, Жээнбековдун жээни Рустамбек “Райым-миллиондун” мурдагы кабинетин ээлеп турат. Матраимовдордун кол астыда жүргөндөр өсүп, Жээнбековдордун туугандары бажыда алардын мурдагы кызматтарын ээлеп, алардын колунда иштеп калууда», — деди Кадыр Атамбаев.

Ошондой эле Кадыр Атамбаев президенттин кудасы Асан Боромбаев «Южный техосмотр» ЖЧКсын жетектегенин кошумчалап, аталган компания Матраимовдорго тиешелүү «Тарим Транс» ЖЧКсынын унааларын тейлеп келгенин айтты.

«Южный техосмотр» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн арасында Шанхай кызматташтык уюмунун иш кеңешмесинин жетекчиси, Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Марат Шаршекеев да бар.

«Соода-өнөр жай палатасы, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, бажыдагы импорт жана экспорт операцияларды админисративдик коштоого тийиш. Бул деген чет өлкөлөр менен мамилени түзүүгө чоң жардам көрсөтөт», — деди Атамбаев.

Кадыр Атамбаев «Жээнбековдордун кланы буга чейин логистикалык жолдорду, кийинчерээк Мараимовдор менен бажыны көзөмөлдөп келгенин» айтты. Ошондой эле, Атамбаевдин айтымында, буга чейинки президенттик шайлоого Матраимовдор 24 млн доллар бөлгөндүктөн өлкө башчы Жээнбеков бул көрүнүштөргө көз жумуп келет.

«Авраам Линкольн айткан: “Кээ бирлердин ар дайым акмак кылса болот, бирок баарыны акмак кыла албайсың”. Сиз, Сооронбай Шарипович, Алмазбек Атамбаевди акмак кылдыңыз, бирок элди кыла албайсыз. Сиз ар дайым факты сурап жатасыз, мына сизге фактылар! Мындан сырткары бизде башка фактылар дагы бар. Биз алар тууралуу жакынкы арада билдиребиз жана ар дайым айтабыз», — деди видеонун аягында Кадыр Атамбаев.

Журналисттик иликтөө

Райымбек Матраимов — Кыргызстандан 700 миллион долларга чукул каражаттын көмүскө жол менен чыгарылып кетиши тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты. Бул каражаттарды 5 жыл бою карапайым курьерлер аркылуу ташыган Айэркен Саймаити журналисттерге бул операцияларды Райымбек Матраимовдун жардамы менен жасаганын айтып берген. Саймаитинин айтымында, Матраимов бажыдагы жемкорлукту колдоп, Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүнө көмөк көрсөткөн.

Курьерлер тоскоолсуз Абдукадыр үй-бүлөсүнүн акчаларын адалдагандан кийин, Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумайлияму каражаттардын бир бөлүгүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык болгон «Исмаил Ата» фондуна которушкан.

Kloop, «Азаттык» жана OCCRPнин биргеликте жасалган иликтөөсү жарыяланаардын алдында Саймаити Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Буга чейин Саймаитинин курьерлеринин бири Хусан Керимов киши колдуу болгон. Керимов ошол каргашалуу кечте тийиштүү дарекке жеткирүү үчүн накталай 1,6 миллион долларды алууга бараткан. Курьердин жансыз денеси «Манас» аэропортунун алдындагы унаанын багажнигинде табылды.

Хусан Керимовдон сырткары иш убагында жок болуп кеткен курьерлер да болгон. Керимов өлтүрүлгөнгө чейин бир жума мурун «Мадина» базарынын 37 жаштагы соодагер Хуфур Абдурехмандын денеси табылган. Бирок ал бир гана соодагер эмес, «коллектор» да болгон — Абдурехман башка соодагерлердин акчаларын чет өлкөлөргө чыгаруу үчүн топтоп жүргөн.

Бул иликтөө коомчулукта резонанс жараткан. Өткөн жылдын ноябрь айында миңдеген адам «Ак үйдүн» алдына коррупцияга каршы митингге чыккан. Чогулгандардын негизги талабы Райымбек Матраимовду камоо жана реалдуу реформаларды өткөрүү болгон.

Матраимовдордун үй-бүлөсү Kloop, «Азаттык» жана «24.kg» (бул басылма иликтөөдө катышкан эмес, ал иликтөө тууралуу өз сайтында жарыялаган) басылмасын 60 млн сомдук доо менен сотко бергенден кийин, жарандар экинчи митингге чыгышкан. Митингдин катышуучулары парламенттин алдындагы революция эстелигинин жанына чогулуп, ЖМКларга басым жасоону токтотууну талап кылышкан.

Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» басылмасына койгон доосунан баш тартышкан. Бирок алар Райымбек Матраимовдун «ар-намысы менен ишкердик беделине» зыян келтирилди деп Kloopтон 12,5 млн сом, «Азаттыктан» 22,5 млн сом жана журналист Али Токтакуновдон 10 млн сом талап кылышууда.