«Эч кандай шантаж болгон жок». «Чоң Казат» Максат Мамыткановдун акча алып жаткан видеосу тууралуу айтып берди

Социалдык тармактарда «Чоң Казат» партиясынын лидери Максат Мамытканов белгисиз адамдан акча алып жаткан видеосу тарады. Видеону жүктөгөн киши аны «Каракчылар шайлоого аттанышууда» деп атап, «Чоң Казаттын» максаты «байларды коркутуп акча алуу» экенин билдирген.

Каракчылар шайлоого аттанышууда!"Чоң Казат" партиясынын лидери Максат Мамытканов кимдир бирөөдөн акча алып жатат!Укук коргоо органдарынан бул маалыматты дыкат иликтеп, тиешелүү чара көрүүсүн суранабыз.

Posted by Zhoomart Karabaev on Tuesday, September 29, 2020

Тасмада көрүнүп тургандай, бети жабылган киши Мамыткановго ири суммадагы акча берген.

«Кечээ күнү убада кылганын берип жиберди. Санайсыңбы, эмне кыласың? [...] Калганын эки-үч күн күтө турсаңар берет, Кудай кааласа» — деген акча берген киши.

Мамытканов болсо акчаны «санаштын кереги жок» жана «сиздерге ишенебиз» деп, каражаттарды унаанын чыканак такоочуна салган.

Ал эми «Чоң Казат» партиясынан тасмада Максат Мамытканов жана Мерцбахер атындагы экологиялык-коомдук мөңгү фондунун төрагасы Үрүстөм Кабылбеков тартылганын билдиришти. Партиянын өкүлү бул тасма «каралоо» максатында чыгарылганын билдирди.

Жалган видеого ЖООП!

Posted by Чон Казат on Wednesday, September 30, 2020

Тасманын экинчи катышуучусу Үрүстөм Кабылбеков окуянын чоо-жайын ачыктап, аталган каражаттарды «Чоң Казаттын» тарапташтары жардам катары чогултканын айтты.

«Элдин баары чогултуп берип жатканын көрдүк да, анан жолдош балдар сүйлөшүп чогулттук. [...] Мен өзүмдүн тыйынымды бергенде тигилерге көрсөтөйүн деп тартып койдум, далил катары. Колуна өткөзүп берип жатабыз дегендей. Ошолордун ичинен [видео] чыгып кеткен го», — деп түшүндүрдү Кабылбеков.

Мындан сырткары Кабылбеков бул окуя боюнча укук коргоо органдарына сурак берип, «эч кандай шантаж болбогонун» айткан.

«Эч кандай шантаж жок! Мени эмнеме шантаж кылмак? Мөңгүлөр жөнүндө айтып жүргөнүм үчүнбү? Же ыр жазганым үчүн шантаж кылабы? Же кедей жашаганым үчүн шантаж кылабы? Мени шантаж кыла албайт да», — деди Кабылбеков.

Ал эми «Чоң Казаттын» өкүлү бул тасмадагы кишинин үнүн экспертизага берүүнү же видеонун оригиналын алып текшерүү керектигин айткан.

«Чоң Казаттын» лидери Максат Мамытканов — юрист жана экономист, ошондой эле ал УКМКнын коррупция жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн экс-башчысы. Бул кызматта ал 1997-жылдан 2007-жылга чейин иштеген.

Мамытканов «Чоң Казатты» үстүбүздөгү жылдын январында Сыймык Жапыкеев жана Канат Хасанов менен бирге түзгөнүн айткан.

Боршайкомдун маалыматына ылайык, «Чоң Казат» партиясынын фондуна 6 млн 668 миң сом каражат чогултулган. Анын дээрлик 6,5 миллионун үгүт иштерине жана «шайлоо күрөөсүнө» иштетилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Уурдалганды кайтаруу, аң-сезимдин революциясы. «Чоң Казаттын» артында кимдер турат?