Коронавирус дагы 172 кишиден аныкталып, 104 киши сакайды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 1-октябрда коронавирустун жаңы 172 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Баткен облусу — 77;

Ош облусу — 21;

Жалал-Абад облусу — 23;

Чүй облусу — 11;

Ысык-Көл облусу — 10;

Бишкек — 18;

Ош шаары — 11;

Талас облусу — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 46 841ге жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 18 043 . Ал эми Чүй облусунда — 5 584, Ош облусунда — 4 623, Жалал-Абадда — 4 700, Ысык-Көлдө — 4020, Ош шаарында — 3 527, Баткенде — 3 105, Нарын облусунда — 1 754 жана Талас облусунда — 1 485 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 104 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 35, Жалал-Абад облусунан — 13, Бишкек шаарынан— 6, Ош шаарынан — 19, Баткен облусунан — 9, Чүй облусунан — 3, Талас облусунан — 5, Нарын облусунан — 5 жана Ыссык-Көл облусунан — 9 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 42 983 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 871 бейтап, ал эми үй шартында 1467 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 065 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы суткада он бир медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан — 5, Ош шаарынан — 2, Ош облусунан — 3, Талас облуснан — 1 медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада эки медик айыкты жана 11 медик үй шартында дарыланып сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 266га жетти, анын ичинен 3 021 медкызматкер илдеттен айыкты.