Борбордук шайлоо комиссиясы 30-сентябрда Жогорку Кеңештин жаңы депутатын каттады — ал «Кыргызстан» партиясынын талапкери Султанбек Анарбаев. Ал буга чейин мандатын тапшырган Жаныбек Жоробаевдин ордуна келди.

Анарбаев Жогорку Кеңешке парламенттик шайлоого үч күн калганда келди. Буга карабастан ал ыйгарым укугу токтогонго чейин бир катар артыкчылыктарга ээ болот.

Мыйзамга ылайык, ал кызматтык турак жайга, жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларда бекер жүрүүгө жана байланыш каражаттарын акысыз пайдаланууга укуктуу. Ошондой эле, жаңы келген депутат пенсия курагына жетип, өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия жана жеңилдиктерди алууга укуктуу.

Буга чейин мандатын тапшырган Жоробаевдин ордуна учурда Москвада жүргөн журналист Кудрет Тайчабаров келүүсү керек болчу, бирок ал депутаттыктан баш тарткан. Тайчабаровдун айтымында, аны ар кандай шылтоолор менен Кыргызстанга кайтарышып, колго түшүрүүнү көздөп жатышат. Журналист чет өлкөгө «криминал тарабынан басым» болгондуктан чыгып кеткенин айтып келет.

Буга чейин Тайчабаров «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мурдагы лидери, ишкер Айбек Осмоновго бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов тарабынан басым болгонун билдирген. Мындан улам Осмонов чет өлкөгө чыгууга аргасыз болгону да айтылган.

Бирок Айбек Осмонов фейсбукта видео жүктөп, бул маалыматтарды төгүндөгөн. Тасма Бишкек шаарындагы Ата-Түрк паркында тартылган.

Кийинчерээк журналист Тайчабаров аны ИИМдин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү «суракка чакырып жүргөнүн» билдирген. Ал эми ИИМден алардын өкүлчүлүгү журналистке көмөк көрсөтүү үчүн байланышканын, сурак кылуу максаты болбогонун билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Журналист Кудрет Тайчабаров: «Мекеним Кыргызстан» партиясын күч менен тартып алышкан