«Шариман». Путин Жээнбеков менен жолугушууда атын адашып айтып алды

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун ысымын «Шариман» деп адашып айтып алды. 28-сентябрда эки өлкөнүн башчыларынын Орусиянын Сочи шаарында расмий жолугушкан.

«Урматтуу Шариман Шарипович, сизди көргөнүмө кубанычтамын. Пандемияга байланыштуу сапарыңыздан баш тартууга туура келди эле, бирок ошентсе да жумуш жана жашоо уланып жатат да [...]», — деген Путин.

«Кактус» басылмасы маалымдагандай, видеотасма журналисттердин катышуусу менен коштолгон жолгушуудан тартып алынган. Ал эми мамлекеттик ЖМКларга кыркылган тасма жарыяланган. Кыркылган тасмадан президенттердин кол алышуусу жана ошондой эле Сооронбай Жээнбековдун ыраазычылык айткан учурларын гана көрүүгө болот.

Жээнбеков менен Путиндин жолугушуусу

Путин менен жолугушууда Жээнбеков парламенттик шайлоо алдында өлкөдөгү туруктуулукка жана анын өнүгүшүнө каршы болгон ар кандай күчтөр пайда болгонун белгилеген. Мындан сырткары Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө кол салууга жана эки өлкөнүн мамилелерин начарлатууга аракет жасап жатышканын айткан.

Путин Орусия эч убакта коңшу жана башка мамлекеттердин ички маселесине кийлигишпестигин белгилеп, бирок туруктуулукту сактоо боюнча аракеттерди колдой турганын айткан. Ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда шайлоодон кийин да стабилдүүлүктүн уланышына кызыкдар экендигин белгилеген.

«Биз сизди мамлекет башчысы катары өлкөнүн өнүгүүсү үчүн алдыга койгон ири максаттарды ишке ашырууда колдойбуз», — деген Путин.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан ар дайым Орусиянын чыныгы стратегиялык өнөктөш катары күчтүү колдоосун, айрыкча, азыркы оңой эмес мезгилде сезерин билдирген.

Жээнбеков мындай билдирүүнү «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловдун социалдык тармактарга тараган видеосунан кийин жасады.

Буга чейин социалдык тармактарда Аманкуловдун катышуусу менен эки видеотасма жарыяланган. Анда Аманкулов Кыргызстан менен Орусиянын биригүүсү тууралуу айтканы бар. Ал айткан сөздөрүн аталган партиянын «идеологиясы» менен негиздеген.

Ошондой эле, Аманкулов «30 жыл өттү […] мен катуу айтып жаткандырмын, бирок советтик союздун доору Кыргызстан үчүн ренессанс [өнүгүү], маданий секирик да болду. Мүмкүн биз ошол багытка карай аракеттенишибиз керек го...» деп айткан.

Аталган тасма коомчулукта кызуу талкууга алынып, алтургай Бишкекте Аманкуловдун айткан сөздөрүнө каршы акция болуп өткөн.

Көп өтпөй Аманкулов өзү да кайрылуу жасап, социалдык тармактарга тараган видеотасманы шайлоо алдындага провокация деп белгилеген.

Ошондой эле видеотасмадагы иш-чара 2019-жылы Москвада Орусия менен Кыргызстандын кайчылаш жылына арналган салтанатта болгонун, ал эми анын сөздөрү контексттен кыркылып алынгандыгын билдирген.