Дебат: Ташиев «Мен “наезд” кылсам чатак болот!» деп Жеңиш Молдокматовго опурулду

«Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев КТРКнын 2-октябрдагы дебатында «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовго «Чо та, сен мага “наезди” баштадың го. Мен “наезд” кылсам чатак болот. Айтчы эмнеге мага “наезд” кылып жатасың?!» деп суроо салды.

Молдокматов талкуу учурунда пандемия боюнча азыр ушул студиядагы бир да партиянын өкүлү комментарий берүүгө моралдык укугу жок экенин белгилеген. Себеби, 29 жылдан бери мамлекеттин тигил же бул бутагында иштеп келгендер дебатка катышып жатышканын айтып, алардын иштеринин жыйынтыгы пандемия учурунда даана көрүнгөнүн айткан.

«Ушул жердегилердин бардыгы бийликте отурдуңар, андыктан пандемия боюнча айтканга моралдык укугуңар жок. Себеби, ушундай акыбалга мамлекеттик системада иштеп келген адамдар жеткирдиңер. Ушул жерде тургандардын бардыгыңар бийликте иштеп келдиңер», — деди ал.

Өз кезегинде Ташиев Молдокматовго кайрылып, «сен ойлонуп айтып жатасыңбы?» деп суроо салды. Андан сырткары Ташиев 2007-жылы өзгөчө кырдаалдар министри болуп, 2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгонун айтып, «2007-жыл үчүн азыр жооп бериңиз» дегендин өзү канчалык туура экенин белгилеп, кайра Молдокматовго суроо салды.

Ал эми Молдокматов 29 жыл ичинде бийликте иштеп кеткендер боюнча жалпы айтып жатканын белгиледи.

«Бирөөгө сөз айтканда конкреттүү айтыш керек. Пандемиянын келгенине 6 ай болду да, анан 29 жылдын кандай тиешеси бар… 2007-жылы мен министр болсом 2020-жылы болгон пандемияга кандайча жооп беришим керек. Бул эмне деген акмактык, эмне деген маңкурттук? Кичине ойлонуш керек да!», — деди Ташиев.

«Замандаштын» лидери Молдокматов эгер 29 жылда мамлекеттик система жакшы курулган болсо Кыргызстан пандемиядан Казакстан, Орусия сыяктуу жакшы өтмөктүгүн кошумчалады.

Кыргызстанда 2-октябрга карата коронавирус 47 056 кишиге жугуп, илдет 1 065 кишинин өмүрүн алды. Ошол эле учурда 43 137 бейтап оорудан айыкты.