«Мекеним Кыргызстан» келе жаткан парламенттик шайлоодо фаворит болуп саналат — бул партиянын парламентке өтүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар.
Ошондой эле, «Мекеним Кыргызстан» бийликчил партия деп эсептелет — анда президент менен тыгыз байланышта болгон адамдар бар. Мисалы, партияда президенттин кудасы Алиярбек Абжалиев бар. Ошол эле учруда, «Мекеним Кыргызстан» менен бийликчил делген «Биримдиктин» ортосунда өз ара келишпестиктер бар.
«Мекеним Кыргызстандын» тарыхы тууралуу бир аз гана маалыматтар бар. Партия 2015-жылдын 2-ноябрында негизделген. Ал 2019-жылы кайрадан катталган. «Мекеним Кыргызстандын» лидери деп 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров саналат.
«Мекеним Кыргызстан» 2016-жылы кышында жергиликтүү кеңешке шайлоодо жигердүү катышкан. 2020-жылдагы шаардык кеңештерге болгон шайлоодо партиянын жеңишке жетишүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрү болгон деп саналат, бирок шайлоо коронавирус пандемиясынан улам өтпөй калып, белгисиз мөөнөткө жылдырылган.
2019-жылдын жай айларында Kaktus.Media басылмасы партиянын түзүүчүлөрү тууралуу материал жарыялап, алардын бири Самат Раев парламенттин депутаты Искендер Матраимовдун жубайы менен жалпы бизнеске ээлик кылаарын аныктаган. Матраимов келе жаткан шайлоого «Мекеним Кыргызстандын» тизмесинде 10-катарда баратат. Ушул себептен улам партияны таасирлүү делген Матраимовдордун кланы менен байланыштырышат.
*Матраимовдордун үй-бүлөсү — өлкөдөгү эң таасирлүү кландардын бири.
Үй-бүлөдөгү ага-инилердин бири — бажы башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн долллар тууралуу иликтөөсүнүн фигуранты. Журналисттер Матраимовдордун кланы кытайлык таасирлүү ишкер Хабибулла Абдукадыр менен бирге кулач жайган көмүскө карго империянын схемасын түзгөнүн аныкташкан. Иликтөөнүн башкы маалыматчыларынын бири — уйгур тектүү ишкер Айэркен Саймаити — 2019-жылы күзүндө Стамбулда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.
«Мекеним Кыргызстан» партиясын «Ихлас» курулуш компаниясы менен да байланыштырышкан жана ал байланыш партиянын негиздөөчүсү Айбек Осмоновдун бир тууганы болгон фирманын негиздөөчүсү Нурбек Осмонов аркылуу өткөн. Матраимовдордун үй-бүлөсү курулуш компаниясы менен байланышы бар экенин четке каккан, анткен менен депутат Искендер Матраимов алардын үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон жер участогунда «Ихлас» компаниясы имарат курганын айтканы бар. Мындан тышкары, депутаттын жубайы Минавар Жумаевага «Ош Плаза» фирмасы таандык, ал эми Ошто ушундай эле аталыштагы турак жай комплекси курулууда. Курулуш иштерин «Ихлас» компаниясы алып барган. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, курулуш участогу Райымбек менен Искендер Матраимовдордун бир тууганы — Чынара Матраимовага таандык.
2020-жылдын жаз айларында эле «Матраимовдордун партиясы» делген «Мекеним Кыргызстандын» лидери Айбек Осмонов болчу.
Бирок парламенттик шайлоонун алдында Айбек Осмонов «Ыйман Нуру» партиясынын лидери болуп калган. Кийинчерээк ал партиянын шайлоого катышпоосу үчүн Матраимовдор тарабынан басым болгонун билдирген. Жыйынтыгында Айбек Осмонов партиядан кетип, шайлоого катышпай турганын айткан. Бирок «Ыйман Нуру» баары бир шайлоого аттанган. Ошол эле учурда Нурбек Осмоновдун фабрикасында чоң өрт чыкканы белгилүү.
Партия эмнелерди сунуштап жатат?
Партия Кыргызстандын ар бир жаранынын жашоо шартын жакшыртууну, анын ичинде базар экономикасы өнүккөн мамлекет курууну негизги максат катары көрсөткөн. Жалпысынан айтканда, партия программасына ылайык шайлоого «Ооба де!» ураанынын астында аттанды.
Негизинен «Мекеним Кыргызстан» Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын эки эсе (60ка чейин) кыскартууну, ошондой эле мамкызматкерлердин санын азайтууну сунуштоодо.
*Кыргызстандыктар депутаттардын жана башка мамкызматкерлердин ишин байма-бай сындап, парламентарийлер менен аткаминерлердин санын кыскартуу керек деп эсептешет. Жарандар парламентте кандай мыйзамдар кабыл алынып жатканына байланыштуу далай жолу митингдерге чыгышкан. Эксперттер 6-чакырылыштагы парламентти «башкарылма парламент» деп аташат, буга эл өкүлдөрү өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорлорунун дээрлик бардыгын кабыл алышканы себеп.
Партия салыктардын бардык түрлөрүн жоюп, алардын ордуна бизнес жүгүртүмүнө чегерилген бирдиктүү салык киргизүүнү сунуштоодо.
Мындан тышкары, «Мекеним Кыргызстан» беш жылдын ичинде «облустарды жоюп», «республика — аймак — айыл» башкаруу системасына өтүүнү сунуштайт. Бул сунуш суроолорду жаратат, анткени облустарды жоюу менен бирге «Мекеним Кыргызстан» ар биринин күчтүү жактарын эске алуу менен аларды өнүктүрүүнү сунуштайт.
Ошондой эле, партия айрым министрликтерди жана алардын функцияларын бириктирүү менен алардын санын 7ге чейин кыскартууну көздөйт. Мындан тышкары саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият тармактарында реформа өткөрүүнү сунуштайт.
Партиянын программасындагы пункттардын бири — интернет жөнүндө кандайдыр бир кодекс түзүү. Бирок, программада бул пункт боюнча кенен түшүндүрмө жок. Кыязы, бул идеянын демилгечиси партия жетекчисинин орун басары, юрист Канатбек Азиз болушу мүмкүн. Азиз акыркы интервьюларынын биринде билдиргендей, «интернет-конституцияны» түзүү «нааразычылык маселелерин жоюуну» мүмкүн кылат, анткени, анын ою боюнча, бул бийлик менен жарандардын ортосунда «өз ара аракеттешүү механизмдерин» түзүү мүмкүн кылат.
Мындан тышкары, партия аймактарды өнүктүрүүнү жана эмгек мигранттарын колдоону убадалап жатат.
Партиянын принциптери жана көз караштары
«Мекеним Кыргызстан» эркин экономикалык жана саясий аттаандаштыктын принциптерин карманабыз деп билдирүүдө. Ошондой эле улуттук кызыкчылыктарды биринчи планга алып чыгышарын айтты. Мындан сырткары, тынчтыкты сактоо жана умтулуу, жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу принциптерин белгилешкен. Муну менен катар партия инсандын эркиндигин, жарандардын мүмкүнчүлүктөрүнүн теңдештигин, толеранттуулук жана сабырдуулукту жогору коет.
Партияны коштогон ызы-чуулар
Добуштарды сатып алуу
«Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоо алдында соттук териштирүүлөргө аралашпаганы менен («Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары сыяктуу), партия башка чыр-чатактардан улам ЖМКнын назарына илинди.
Бул көбүнчө, партия добуштарды сатып алды деп айтылган билдирүүлөр. Мисалы, 1-сентябрда ИИМ «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүтчүлөрү добуш бергендерге акча төлөйт деген билдирүүнү иликтей баштаган. Ага чейин соцтармактарда, жарандарды түрдүү шылтоолор менен аталган партияга добуш берүүгө үндөгөн билдирүүлөр тарап кеткен.
Партия добуш сатып алууну мойнуна алган жок. Ал тургай укук коргоо органдары менен биргеликте мындай окуялардын ар бирин териштирүүнү убада кылды.
«Биримдик» менен тирешүү
«Мекеним Кыргызстан» менен бийликчил делген «Биримдик» партиясы тымызын тирешип келет.
Партия жана анын тарапташтары бир нече жолу биримдикчилер менен кагылышты. Мисалы, «Мекеним Кыргызстандын» талапкери Шайлообек Атазов «Биримдиктин» талапкерин «Оштун муниципалдык кызматкерлерине кысым көрсөтүп, паспортторду чогултту» деп күнөөлөгөн.
«Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» аралашкан дагы бир ызы-чуу Жалал-Абад облусунда катталды. Аксы районундагы айылдардын биринин жашоочулары президенттин иниси Асылбек Жээнбековго тиешелүү делген «Биримдик» партиясынын үгүтчүсүнө кол салып, ага «Мекеним Кыргызстандын» штабына келип иште деген талап коюшкан.
20-сентябрда Араван районунда «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларынын тарапташтарынын ортосунда массалык мушташ чыгып, 13 адам жабыр тарткан. Алдын-ала маалыматтар боюнча, жаңжалдын чыгышына «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери «Биримдиктин» талапкерине жалаа жапканы себеп болгон. Милиция окуяны «Бейбаштык» беренеси боюнча каттоого алып, катыштыгы бар 10 адамды камакка алган. БШК эки талапкерди шайлоодон четтеткен. Алар «Биримдиктен» Шукурулло Файзуллаев жана «Мекеним Кыргызстандан» Илхом Маннанов.
Андан сырткары, Бишкектеги мектептердин биринин мугалимдери «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоочулары участкага катталганына нааразы болгон «Биримдиктин» өкүлдөрү мектеп директоруна кысым көрсөтүп жатканын айтып чыгышкан. Мугалимдер партия админресурсту колдонуп, мектеп директорун өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазганга мажбурлады деп эсептешет.
Басым кылды деген айыптоолор
«Мекеним Кыргызстан» тарабынан басым болгонун бери дегенде эки партия — «Ыйман Нуру» жана «Республика» ачык айтып чыгышты.
«Республика» партиясынын билдирүүсүнө караганда, үгүт иштери башталгандан бери республикачыларга такай моралдык жана физикалык басым болуп жатат. Мисалы, Нарын облусунун Алыш айылында «Республиканын» үгүтчүсү сабалып, ооруканага түшкөн. Жабырлануучунун айтымында, кол көтөргөндөр «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү болушкан.
«Мекеним Кыргызстан» мындай айыптоолорго «саясий оппоненттердин жөнсүз каралоосу» деп жооп берди.
«Биз, бул пайдасы жок тирешүүлөргө көңүл бурбоого аракет кылып, өз жолубуз менен кеттик. Бизди түз, кыйыр маанисинде дагы уруп жатышты. Биз аларды ынтымакка чакырдык. Бизге жалган жалаа жаап, жаман иштерге аралаштырууга аракет кылышты. Биз бул маалыматтык бурганакка көңүл бурбай, таза жол менен күрөштүк. Анткени, адатта алсыздар алдууларга асылганды жакшы көрүшөт», — деп партиядан билдиришти.
Эреже бузуу менен үгүттөө
Партия далай жолу үгүттү мыйзам бузуу менен жүргүзүп жатат деп айыпталган. Мисалы, үгүт өнөктүгү башталганга чейин жарык көргөн ырчы Бек Борбиевдин клибинде партиянын пайдасына үгүттөө болгон. БШК ырчыны эрте үгүт жүргүзгөнү үчүн 7,5 миң сом айыпка жыккан, бирок партияга чара көрүлгөн эмес.
Партияга байланыштуу бузуулардын бири коронавирус эпидемиясына байланыштуу чектөө бар экенине карабай Нарын облусунда үгүт концертин өткөргөнү болгон. БШК партиянын талапкери жана концерттин уюштуруучусу Кылычбек Исамамбетовго 7 500 сом штраф салган, бирок партиянын өзүнө эскертүү берилген эмес.
Партиянын талапкерлери
«Мекеним Кыргызстандын» талапкерлер тизмесинде башка партиялардан өткөн адамдар көп — алар КСДП, «Республика», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Кыргызстан» партияларанын экс-мүчөлөрү. Бул партиядан шайлоого учурдагы чакырылыштын 10дон ашуун депутаты баратат.
Мирлан Бакиров — партиянын лидери. Алгач «Республика», андан соң «Өнүгүү - Прогресс» партиясынан парламентке келген Мирлан Бакиров «Мекеним Кыргызстанды» кандай жетектеп калганы белгисиз. Коомдо Бакиров жөн эле көшөгө, ал эми иш жүзүндө партияны башка адамдар башкарат деген кептер жүрүп турат. Ошол эле кезде Бакировдун финполициянын башкармалыктарынын бирин жетектеген Исламбек Бакиров менен түшкөн сүрөттөрү көп чыгат. «Азаттык» Бакировду Исламбек Матраимовдун «жакын досу» деп атаган.
Партиянын эң белгилүү жана атактуусу болуп Искендер Матраимов эсептелет. Акыркы парламенттик шайлоодо Искендер Матраимов Жогорку Кеңешке бийликчил КСДП партиясы менен келген. Матраимов иниси Райымбекке карата айтылган коррупция боюнча айыптоолорду дайыма четке кагып келет.
Талапкерлер тизмесинде президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиев дагы бар. Ал парламентке 2015-жылы «Республика — Ата-Журт» партиясы менен келген. 10 жылга жакын Бажы кызматында эмгектенген. Бир учурларда Баткен облустук бажысын дагы жетектеген.
Иса Өмүркулов — узак жылдар бою мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кишиси болуп келди. 2015-жылы парламентке дагы КСДПнын катарында келип, Атамбаевди «журт атасы» деп айтканы бар. Бирок Жээнбеков менен Атамбаевдин арасын кара мышык аралаганда Өмүркулов мурдагы президентке оппозиция болуп чыга келген. Мындан улам КСДПнын катарынан чыгарылган. Көп өтпөй Жээнбековду дагы «журт атасы» деген. Өмүркулов буга чейинки үч чакырылыштын депутаты болгон. Үч жыл Бишкек шаарынын мэри болгон, 2013-жылы Башкы прокуратура «Жеңиш» паркынын аянтын 16 гектарга кыскартты деген айып таккандан кийин кызматтан бошотулган. Айыптоочу Иса Өмүркуловду 8 жылга эркинен ажыратууну суранган, бирок судья аны актоо өкүмүн чыгарган.
Партиянын тизмесинде Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын бизнес өнөктөшү — Алишер Козуев да бар. Мындан тышкары, партия менен шайлоого Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов да баратат — ал Райымбек Мартаимовдун өкүл баласы болуп эсептелет.
Райымбек Матраимовду уулдарына өкүл ата шайлагандардын арасында экс-төрага Акматбек Келдибеков жана Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси, ырчы Ибрагим Жунусов дагы бар.
«Ата-Журт» партиясынын лидери Акматбек Келдибеков «Мекеним Кыргызстан» партиясын колдой турганын 18-августта жарыялады. Ага чейин Райымбек Матраимовду «жакшы жигит» деп атап, жакын мамилесин жашырган эмес. Келдибеков буга чейин парламентке 2005чи жана 2010-жылы — эки ирет депутат болуп келген. Ал 2011-жылдын декабрь айына чейин Жогорку Кеңештин төрагасы болуп иштеген. 2013-жылы ноябрда ага карата, Салык кызматын жана соцфондду жетектеп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деген жүйөө менен кылмыш иши козголгон. Саясатчыны «Коррупция» беренеси боюнча актап, бирок кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча күнөөлүү деп тапкан. Ага мамлекетке 10 млн сом төлөп берүү милдеттендирилген. Келдибеков ЖМКлар менен бир канча жолу соттошкон.
2016-жылы «Клооптун» журналисттери Болгариядагы Аида Токтомаматовага — Акматбек Келдибековдун жубайына — тиешелүү бизнес жана жер участоктору тууралуу маалымат таап чыгышкан.
Белгилүү талапкерлердин арасында юрист Канатбек Азиз жана журналист Элнура Алканова бар. Экөө тең акыркы бир нече айда Матраимовдордун үй-бүлөсү менен тыгыз байланышта. Алсак, Канатбек Азиз Матраимовдор тууралуу антикоррупциялык иликтөөлөрдү даярдаган «Клооп» жана «Азаттыктын» журналисттерине карата козголгон процессте бул үй-бүлөнүн жактоочусу болгон.
Алканова Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кайрымдуулук фондунун ишмердигин жигердүү чагылдырып келген, ошондой эле алардын дарегине айтылган коррупция боюнча айыптоолорду ачык төгүндөп турган. Алканова — «Клооп» менен «Азаттыктын» мурдагы журналисти, «Фергана», OCCRP жана «5-канал» менен кызматташкан. Ал өзү мурда «Азаттык» үчүн Райымбек Матраимовдун мүлкү тууралуу иликтөө кылган күндөр болгон. Бирок, 2019-жылдан тарта «Азаттыктын» Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу материалдарына контр иликтөө кылууга өтүп кеткен. Алканова 2020-жылы Матраимовдордун фонду менен кызматташып жатканын моюндап, аларга коронавирусту текшерүүчү тесттерди сатып алууга жардам берип жатканын билдирген. Кийинчерээк Матраимовдордун партиясы делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкерлигин койгон.
Журналист Болот Темиров Алканованын кымбат-баалуу мүлкүн аныктап, бул сатып алууларды Алканова Матраимовдор менен кызматташа баштаганы менен байланыштырган. Бирок Алканова мүлктөрдү сатып алууда Матраимовдордун тиешеси болгон эмес деп ишендирип келет. Анын айтымында, Бишкектеги кеңсени анын атасы сатып берген, бир батирди ал кредитке сатып алган, ал эми дагы бир батирди журналисттик иликтөө үчүн сыйлык катары алган акчага сатып алган. Анын айтуусу боюнча, бул сыйлыктын биринчи траншы 125 миң долларды түзгөн.
«Мекеним Кыргызстандын» тизмесинде спортчу Шайлообек Атазов да бар. Ал Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп турганда ага карата агрессивдүү мамиле кылган. Атазов Жээнбековдун микрофонун тарып алып, ага элдин алдында сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк берген эмес.
Атазов Матраимовдорго таандык болгон «ЕРЕМ» спорт клубун жетектейт, маал-маалы менен соцтармактарда бул үй-бүлөнү коргоп келет. Жакында эле, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөсү болуп турганда ал «Биримдиктин» талапкери Азамат Арапбаевдин дарегине айткан сөздөрү үчүн милицияга суракка чакырылган.
Партиянын талапкерлеринин катарында криминал дүйнөсү менен байланышкан адамдар да бар — Таалайбек Рысалиев, Урматбек Самаев, Туганбек Чолпонбаев. БШКнын маалыматына ылайык, «Мекеним Кыргызстандын» талапкерлеринин тизмесинде ар кайсы убакты соттолгон 20 адам бар.